Биз менен байланышыңыз

УКМКдан жоголду делген 200 миң доллар: Эксперттер эмне дейт?

Саясат | 18 Ноя 2019 | 1619 | 0

УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен 200 миң АКШ доллары жоголгону тууралуу маалымат тарады. Жоголгон акча башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевдин пара алганы боюнча кылмыш ишинде далил-буюм болгону айтылууда. УКМК бул маалыматты четке какса, коомчулук, эксперттер бул жагдай боюнча сөзсүз иликтөө жүрүшү керектигин айтышууда. 

 

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурунку башчысы Улан Чалбаевдин пара алганы боюнча кылмыш ишинде далил-буюм болгон 200 миң АКШ доллары жоголгондугу тууралуу маалымат тарады. Акча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде, мекеменин тергөөчүсүнүн сейфинен жоголгону айтылууда. Бирок УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов менен байланышканыбызда бул маалыматтын ушак экенин белгилеп, мындай сөздөргө көңүл бурбоого чакырды.

Ал эми КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев кызматтык тескөө жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, “калк айтса калп айтпайт” деген макалды мисалга келтирди:

-Бул маалыматтардын канчалык деңгээлде жалган же чын экенин айтуу кыйын. Бирок “калк айтса-калп айтпайт” деген кыргыздын макалы бар. Демек, бир нерсе болсо керек деп ойлойм. Айтылган акча, чындыгында, сейфте болгон болушу мүмкүн. Анткени тинтүүдөн алынган документтер, акчалардын баары тергөөчүнүн колунда болот. Бул маалымат чын болсо, сөзсүз түрдө кызматтык тергөө жүргүзүлүп, иш аягына чейин чыгарылышы керек. Башка органдардын УКМКны текшерүүгө укугу жок. Болгону прокуратуранын гана текшерүүгө күчү жетет.

УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов да кандай болгон күндө да маалымат тараган соң, УКМК өзүнүн ичинде сөзсүз иликтөө жүргүзүшү керек деген пикирин билдирди.

Анын айтканына караганда, бул маалыматтын ушак эмес экени аныкталса, улуттун коопсуздугун сакташы керек болгон органдын шалаакылыгынын деңгээлине далил болот:

-Бул факт далилденчү болсо, ошол жагдай аныкталса, анда УКМКнын ичиндеги шалаакылыктын туу чокусу ушул болот. УКМКнын ичинен акча гана эмес, кызматкерлердин тапанчаларын, мылтыктарын, гранаталарын алып чыкса болот экен да. Андан сырткары, керектүү иштердин баарын жок кылса болот экен да. Бул деген өтө коркунучтуу маселе. Бул органда коррупция жок деп эч ким айта албайт. Бул маалыматтар жок жерден чыккан жери жок. Коомдун ичинде коррупция өөрчүп- өсүп жатса, УКМКнын кызматкерлери башка планетадан келип калган жери жок.

Сөз болуп жаткан 200 миң доллар Улан Чалбаевдин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда табылганы жарыяланган. Мындан улам, жарандык активист Гүлжигит Исаков акчанын изин суутуу далилди жок кылуунун аракети болушу мүмкүн. Андыктан бул жагдай боюнча аскердик прокуратура тергөө жүргүзүшү керек деген оюн билдирди:

-Аскердик прокуратура бул ишти колуна алышы керек. Бул жагдайды эки түрдүү божомолдосо болот. Биринчиси — айтылып жаткан иштеги далилди жок кылуу аракети катары болсо, экинчиден, УКМКнын ичиндеги кадрдык маселелердин экендигинен кабар берет. Биздин мамлекеттик коопсуздукту камсыз кыла турган орган өзүнүн ичиндеги маселелерди чече албай жаткан болсо, анда “өлкөнүн тышкы жана ички коопсуздугун кантип камсыз кылууда?” деген чоң суроо пайда болот.

Коомчулук кызуу талкуулап жаткан маалымат боюнча жогоку кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин да пикирин сурап көрдүк. Эл өкүлү УКМК бул маалыматты четке каккандыгын эске алып, тактоо керектигин белгилейт. Бирок ошол эле учурда Башкы прокуратура көзөмөлгө алуусу зарыл экенин айтат:

-Айтылып жаткан сөздөр далилденсе, тергөө органдары үчүн уят эле иш болот. А бирок УКМК “андай болгон эмес” деп бул маалыматты четке какты. Ушундан улам, менимче, УКМКда андай окуя катталбаса керек. Канткен күндө да ар түрдүү адамдар бар. Кызматын так аткарбаган кызматкерлер УКМКда да болушу мүмкүн. Башкы прокуратура бул ишти өз көзөмөлүнө алып карап чыгышы зарыл.

Эскерте кетсек, Улан Чалбаев 2018-жылдын апрель айында пара алып жаткан жеринен кармалган. 200 миң доллар “Ага Хан” фондунун Жогорку Кеңештин экс депутаты Карганбек Самаковдон сатып алган жер тилкесин камактан чыгарууга байланышкан кылмыш ишин токтотуу үчүн пара катары берилген каражат болгон.

Copyright © 2017 Maral FM