Биз менен байланышыңыз

Ош: Мыйзамсыз ташылып келген 11 миң кг кальян тамекилери кармалды

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 623 | 0

“Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош шаарында мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 11 миң 628 килограмм болгон, акциздик маркасы жок кальян тамекилерин кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Кармалган товардын орточо базар баасы 23 млн 836 миң 800 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Copyright © 2017 Maral FM