Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: «Алгачкы жолу тышкы карыздын туруктуу төмөндөө тенденциясы байкалды»

Без рубрики | 17 Ноя 2019 | 346 | 0

2019-жылы республиканын ИДПсы 2018-жылга салыштырмалуу туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы эгерде 2018-жылы өсүш 3,5%ды түзсө, 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 6,1%ды түзүп, ЕАЭБдеги жакшы көрсөткүч болгонун кошумчалады.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экспорт 1,3 млрд долларды түздү, бул өткөн жылдын деңгээлинен 11,7%га жогору. Импорт 7,3%га төмөндөдү. Өкмөт тарабынан ата мекендик экспорттук продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо, импорттун көлөмүн азайтуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул саясат мындан ары карай дагы улантылат.

Мухаммедкалый Абылгазиев чет элдик түз инвестициялар тууралуу айтып жатып, 2019-жылдын 6 айынын ичинде 394 млн АКШ доллары инвестиция тартылып, 2018-жылдын 6 айына салыштырмалуу 59,4%га жогору болгонун билдирди. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөгө 90 млрд сом инвестиция тартылган, бул 2018-жылдын деңгээлинен 6,3%га көп болгонун билдирди:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнүн тышкы карызын өстүрбөө боюнча саясаты – коомчулукта чоң колдоо таап жатат. Бул багытта Өкмөттүн тышкы карыз боюнча ишин өзгөчө белгилеп кетким келет. Тышкы карызда 2018-жылдан баштап ИДПга карата тышкы карыздын алгачкы жолу туруктуу төмөндөө тенденциясы байкалды. Эгерде 2017-жылы ИДПга карата тышкы карыздын көлөмү 54% болсо, 2018 – 48% болгон. Ал эми 2019-жылы – 46,5%га чейин жеткирилет. Ички резервдерди натыйжалуу пайдаланып, ашыкча чыгашаларды кыскартуу менен, тапкан каражаттар менен жашоого үйрөнүшүбүз керек деген Өкмөттүн позициясы туруктуу. Бул – бюджет тармагындагы негизги стратегия», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM