Биз менен байланышыңыз

Экономиканы көтөрүүдө, экологияны да эске алыш керек

Экономика | 14 Ноя 2019 | 801 | 0

Мамлекеттик сатып алууларда, айлана-чөйрөнү унутта калтырып, зыян келтирчү каражаттарга басым жасалып жатат. Ушундан улам, учурда жашыл экономика жумалыгы өтүп, анын алкагында башка мамлекеттен келген экперттердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекетке кирип жаткан жана өндүрүлгөн товарлардын экологияга терс таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу сөз болду. Мындай кадамдарды кантип жоюу керек? Бул боюнча атайын докладдар жакталып, башка жактан келген экперттер өз ойлору менен бөлүштү.

Жашыл экономикада мамлекеттик сатып алуулар болушу мүмкүнбү деген аталыштагы тегерек стол өттү. Анын максаты — өлкөгө кирип жаткан жана өндүрүлгөн товарлардын айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбөө. Келечекте өндүрүшчүлөрдүн иш-аракеттеринин натыйжасындагы зыян келтире турган жагдайларды жоюу. Ошол эле учурда аны колдонуп жаткан эл эч кандай зыянсыз, коркунучсуз техниканы же башка керектүү каражаттарды колдонуп, баасы да, сапаты да бири-бирне төп келиши керек. Экономика министринин статс-катчысы Абдыкалык Шамшиев мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн каражаттын көп экенин айтып, тилекке каршы, экология маселеси унутта калып баратканына токтолду:

-Мамлекеттик сатып алуу деген эмне? Биз мамлекетке керектүү нерсени сатып алганда башка маселени да эске алуубуз керек. Сатып алууда экология маселеси да эске алынышы керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алууга бюджеттен абдан көп каражат бөлүнөт, аны максатту пайдаланып, алып жаткан нерсе айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбей элеби деген маселени карасак. Тилекке каршы, бул боюнча иш-чаралар, түшүндүрүү иштери абдан аз болуп жатат. Ошон үчүн бул тегерек столду өткөрүүнүн максаты дал ушуга байланыштуу болуп жатат.

Ал эми мамлекеттик сатып алуулар департааентинин мүдүрү Нурида Байзакова бир жылда мамлекет тарабынан 70 млрд. сом бөлүнөрүн билдирди. Кыргызстанда жалпы мамлекеттик сатып алуу мекемелеринин саны 3700гө жетсе, 22 миң мамлекеттик сатып алуудагы товарларды ар дайым ташып келүүчү кичи ишканалардын бар экени тууралуу сөз козгоду. Байзакова учурда бул жашыл экономика багыты боюнча атайын ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн чыгарып жаткан товарларына байкоо жүргүзүлүп, адамга жана экологияга терс таасири тийбеген товарлардын аныкталганы тууралуу маалымат берди:

-Бүгүнкү күндө биз тараптан атайын сурамжылоо жүрдү. Анда кайсы товарлар биздин өлкөдө өндүрүлөт жана кайсыл товарлар башка жактан алынып келинет? Буларды тактап, акырындык менен аныктап жатабыз. Электр энергиясын үнөмдөөчү лампочкалар бизде өндүрүлөт экен, муну жайылтуунун үстүндө иштөө керек. Мунун жакшы жактары да бар. Аты айтып тургандай, электр энергиясын аз жегени менен айырмаланып, экологияга дээрлик зыянын тийгизбейт. Негизи, жашыл экономика үчүн керектелүүчү каражаттар, тамак-аштар кымбатыраак болот. Бирок анын пайдасы чоң, келечеги кең.

Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы “Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк” долбоору Кыргызстанда 2016-жылдан бери иш жүргүзүп келет. Бул тууралуу аталган долбоордун адиси Гүлнара Абдыкалыкова билдирип, өлкөнүн деңгээлиндеги жашыл экономиканы эске алуу менен улуттук стартегиялык программаларды иштеп чыгууда көмөк көрсөтүп келишерин айтып берди. Ошондой эле, өлкөдөгү жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыкканын айтып, буларды кошумчалады:

-Туруктуу өнүгүү үч багытты камтыйт. Алар: Экономикалык, экологиялык жана социалдык багыттагы өнүгүү. Мунун алкагында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү үчүн шарттарды түзүү. Экономикалык жактан долбоорлор болгондо биз айлана-чөйрөнү да ойлоп, эске алабыз. Эксперттер айтымында, көп нерселер экологияга терс таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан, өлкө тез өнүгүш үчүн бардык жагдайларды эске алуу керек.

Негизинен, жашыл экономиканын жумалыгы 11-ноябрда башталган. Бул жумалыкка атайын катышуу учүн Лондон шаарынан келген Crown Agents  компаниясынын регионалдык директору Ольга Сильвестрова да өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Аталган ишкана жашыл экономикадагы мамлекеттик сатып алуулар аренасында 180 жылдан өз ишин жөндөп келет. Аталган жылдар аралыгында атайын иликтөөлөр жүрүп, бирок, мамлекеттик сатып алуудагы көрсөткүчтөр ар дайым ар кандай болору тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

-Мамлекеттик сатып алууларда замандын талабына ылайык керектөөлөр өзгөрүп турушу керек. Бүгүнкү күндө климаттын тез өзгөрүүсү көп тармакка таасирин берип жатат. Алсак, ошол эле мода индустриясынан баштап тамактанууга чейин өзгөрүүлөр байкалат. Эгерде экономикалык агенттер элдин талаптарын аткарып бере албаса, анда бул багытта тез эле өзүн жоготот. Ошондой эле, бул жаатта иштеген адамдар мамлекеттин социалдык абалын да эске алып, алар каалаган техниканы убагында жана коррупциясыз камсыздап бериши керек. Маселен, Украинага атайын медициналык жабдыктарды, керектүү заттарды жана акыркы заманбап технологияларды орноттук. Анда аталган мамлекеттин бюджетин 40%га үнөмдөп, башка техникалар оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлдү. Ушундай сыяктуу кадамдар менен  мамлекеттерди өзүнө тартып, иштөөгө мүмкүнчүлүктөр ачылат.

«Жашыл экономика – Күчтүү аймактар – Өлкөнүн туруктуу өнүгүшү» аталышындагы экономика жумалыгы учурда уланып жатат. Мунун алкагында бир жума бою өлкөнүн аймактарында жашыл экономикага байланыштуу атайын иш-чаралар, тренингдер өтүлүүдө. Бул саамалык өлкөдө 5 жылдан бери өтүп келет. Максаты — Кыргызстанды таза, табигый жолдор менен өнүктүрүп, экономикага салым кошуу.

Copyright © 2017 Maral FM