Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Биздин максат – ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 543 | 0

Мамлекеттик сатып алуулар линиясы боюнча ата мекендик өндүрүштөн чыккан товарларды алуу менен жергиликтүү ишкерликке натыйжалуу колдоо болууда. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди:

Жалпы суммасы 66,6 млрд. сомго сынак өткөрүлгөн, тагыраак айтканда,  48,3% – товарларды жана кызматтарды ата мекендик өндүрүүчүлөр менен ишкерлерден алдык. Биздин максат – ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, менин оюмча, бул максатыбызды ишке ашыруудабыз, — деди Абылгазиев.

Ошондуктан, азык-түлүктүн көпчүлүк бөлүгү, атап айтканда, 86,6%ы республиканын аймагынан сатылып алынган.

Мындан тышкары, быйыл жергиликтүү өндүрүштөн чыккан курулуш материалдарына да суроо-талап жакшы болгон. Алар сатып алынган курулуш материалдарынын жалпы көлөмүнүн 82,5%ын  түздү. Айдоочулук күбөлүктү ата мекендик ишканалар чыгара баштады. Эгер буга чейин эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 557 сом болсо, азыркы баасы 52 сом болду.

Copyright © 2017 Maral FM