Биз менен байланышыңыз

Өкмөт тергөө изоляторун жана түзөтүү жайларын Бишкектин сыртына көчүрөт

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 439 | 0

Бишкектеги бардык түзөтүү жайларын шаардын сыртына көчүрүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бюджети тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы тергөө изоляторун жана түзөтүү колонияларын шаар сыртына чыгаруу иштери башталат.

Абылгазиев шаардын чок ортосундагы Ибраимов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги №1 тергөө жайынын ыксыз жайгашып калганын мисалга келтирет.

2020-жылдын бюджетинде бул максаттар үчүн каражаттар каралган. Бул демилгени депутаттар колдоого алышат деп үмүттөнөбүз. Бул кадам шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалууда. Атайын иштиктүү топ түзүлгөн. Бул боюнча сунуштардыы даярдашат”, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM