Биз менен байланышыңыз

Абалиев: Газ менен иштеген отканалар көбөйүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Ноя 2019 | 516 | 0

Экологияга зыян келтирбөө максатында «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын отканаларын газ менен иштетүүгө өткөрүү каралууда. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, көгүлтүр от менен иштеген отканалар коюлуп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башкы адиси Бекмат Абалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөр да газ менен иштей турган менчик отканаларды коюп жатышат.

Мындан сырткары, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасында да күн энергиясын чогултуучу коллекторлор коюлду.

«Күн энергиясын пайдаланып үйлөрдү жылытууга болбойт. Коллектор болгону жардамчы каражат катары сууну жылытып берет», — дейт Абалиев.

Белгилей кетсек, шаар боюнча 2680ден ашуун көп кабаттуу үйлөр бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM