Connect with us

Иммиграция болгон президенттер: кайсы өлкөдөн башпаанек табышкан?

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 3046 | 0

10-ноябрда отставкага кеткен Боливиянын президенти Эво Моралес Мексикадан башпаанек алды. Албетте, Моралес бийликтен четтетилген соң өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон алгачкы президент эмес. Кызматынан айрылган президенттер кайсы өлкөдө баш калкалады? РБК түзгөн тизмеге көз чаптыралы.

Эво Моралес — Боливиядан Мексикага

Фото: David Mercado / Reuters

Эво Моралес 2006-жылдан бери Боливияны башкарып келген. 20-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча төртүнчү ирет болгон Моралестин жеңиши элдин нааразычылыгын күчөттү. Каршылык акциялары күч алгандыктан 10-ноябрда президенттик кызматын тапшырып, 12-ноябрда баш калкалоо үчүн Мексикага учуп кетти.

Виктор Янукович — Украинадан Орусияга

Фото: Сергей Пивоваров / РИА Новости

2014-жылдагы саясый кризистен кийин Янукович өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон. Майдандагы массалык толкундоолор учурунда ок атылып, 100гө чукул киши каза тапкан.

22-февралда Жогорку Рада 328 добуш менен Януковичтин президенттик кызматын токтотуп, жаңы шайлоо дайындаган. 2014-жылдын 23-февралында алгач Крымга, андан ары Орусияны карай качкан. 2016-жылы гана Орусия Януковичке убактылуу башкалка бергенин тастыктаган.

Украинада Виктор Януковичке карата мамлекетке чыкынчылык кылган деген айып тагылып, кылмыш иши козголуп, сыртынан 13 жылга кесилген. Бозгунда жүргөн президент өз өлкөсүнө кайтып келүүдөн баш тартууда.

Аскар Акаев — Кыргызстандан Орусияга

Фото: Федор Савинцев / ТАСС

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта болгон окуялардан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Акаев алгач Казакстан, кийин Орусияга жол алат.

Учурда ал Москвадагы университетте сабак берет.

Курманбек Бакиев — Кыргызстандан Беларусияга

Фото: Андрей Стенин / РИА Новости

Бийликке 2005-жылдын 24-мартындагы «Элдик ыңкылаптын» («Жоогазын ыңкылабынын») натыйжасында келген. Курманбек Бакиев 2010-жылы президенттик кызматтан кетип, Беларусиядан башкалка алган. Иниси Жаныш Бакиев экөө бир топ кылмыштар боюнча айыпталып, сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эрих Хонеккер — ГДРден алгач СССРге, андан соң Чилиге

Фото: Сергей Мамонтов / ТАСС

ГДР лидери Эрих Хонеккер 1989-жылы отставкага кеткен. Бир нече айдан соң ал мамлекеттик чыккынчылык жана жемкордукка жана Федеративдик Германия менен Демократиялык Германиянын чек арасында атуучу куралдарды колдонуу боюнча мыйзам кабыл алгандыгы үчүн айыпталат. Катуу оорулуу болгондуктан камакка алынган эмес. 1991-жылы март айында СССР президенти Михаил Горбачевдин чакыруусу менен Эрих жубайы экөө Москвага учуп кетишет.

Горбачев кызматтан кеткен соң Орусия бийлиги Хонеккерлерди өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылат. Алар Чилинин Москвадагы элчилигинде баш калкалашат. 1992-жылы жубайлар элчиликтен чыгып кетишет: Хонеккер Берлинге, жубайы Маргарет Чилиге, кызынын жанына кетет.

Соттук отурум башталган соң Хонеккердин саламаттыгы кескин начарлап кетет, соттолуучунун ооруусу күчөп кеткендиктен 1993-жылы январь айында тергөө иштери токтотулат. Андан соң саясатчы Чилиге учуп кетет, 1994-жылы 29-майда каза болот.

Иди Амин — Угандадан Ливияга, андан соң Сауд Аравияга

Фото: AP

Уганда президенти Иди Амин өлкөнү 8 жыл, 1979-жылы анын аскерлери Танзанияга бастырып кирип, жеңилип калганга чейин башкарган.

Амин алгач Ливияга, кийинчерээк Сауд Аравиясына качкан. Ал өлкөсүнө кайтуу үчүн бир нече ирет аракет кылган, бирок, 2003-жылы мекенине жетпей каза болгон.

Константин II — Грециядан Италияга, андан соң Улуу Британияга

Фото: Keld Navntoft / Scanpix / Reuters

Грециянын акыркы падышасы Константин II 1973-жылы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып, Римге, андан ары Лондонго кеткен. 1994-жылы грек жарандыгы жокко чыгарылган. 2013-жылы майда Константин II үй-блөсү менен Грецияга кайтып, Портохелион кыштагына жайланышкан.

Маркос Перес Хименес — Венесуэладан АКШга, андан соң Испанияга

Фото: AP

Президент Венесуэланын президенти болгон Перес Хименес 1958-жылы аскерлер тарабынан колдоого алынган Каракастагы көтөрүлүштөн соң бийликтен кетет. Хименес алгач Доминан өлкөлөрүнө, андан соң АКШга качкан. Мамлекеттик каражатты кыянаттык менен колдонууга айыпталган соң, АКШ Хименести Каракаска кайтарып берген. 1965-жылы 13 жылга соттолгон экс-президент 5 жылдан соң боштондукка чыгарылат жана Испанияга чыгып кетет.

1973-жылы Венесуэлага, президенттик шайлоодо кандидатурасын коюуга келип, бат эле кайра өлкөдөн чыгып кетет. Перес Хименес 2001-жылы Мадридде жүрөгү кармап каза болот.

Хуан Перон — Аргентинадан Испанияга

Фото: Zuma / ТАСС

1955-жылы сентябрда Аргентина президенти Хуан Перон калаймакан көтөрүлүштүн натыйжасында бийликтен кулатылган соң, Испанияга качып кеткен. 1973-жылы бийликке кайтып келүүгө аракет жасаган. Үчүнчү жубайы вице-президент болгон. Бир жыл өтпөй Перон жүрөк оорусунан каза болгон.

Михай I — Руминиядан Швейцарияга

Фото: Jim Pringle / AP

Румыниянын падышасы Михай I 1947-жылы коммунисттик өкмөт монархияны жок кылган соң, бийликтен кулатылган. Ал Швейцарияга кетип, ошол жактан үйлөнүп, өлкө жарандыгын алган. 1992-жылы социалисттик өкмөт кулатылган соң, тактыны кайтарып алууга мүмкүнчүлүгү болгон, бирок Михай I тактыдан баш тарткан.

2017-жылы Швейцарияда аз кандуулук дартынан көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM