Биз менен байланышыңыз

Боливия: Президент Моралес өлкөдөн чыгып, Мексикадан башпаанек алды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 721 | 0

Боливиядагы президенттик кызматын тапшырган Эво Моралес Боливиядан чыгып, баш калкалоо үчүн Мексикага учуп кетти. Бул тууралуу Мексиканын Тышкы иштер министри Марсело Эбрард маалымдады.

Буга чейин Моралес өлкөдөн чыгарын, саясий башпаанек үчүн уруксат берген Мексикага барарын айткан болчу.


Боливия: 14 жыл бийликте турган президент отставкага кетти


20-октябрда аталган өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлүп, жыйынтыгында, Жогорку шайлоо соту өлкө башчысы Эво Моралестин жеңгендигин маалымдаган.

Анын башкы атаандашы экс-президент Карлос Меса Моралестин жеңишин моюндабай тургандыгын жарыялаган. Шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин президенттин кайрадан шайлануусуна эл каршы болуп, Боливияда нааразычылык акциялары күч алган. Эво Моралес 10-ноябрда өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо максатында отставкага кетерин жарыялаган.


Боливия эли президенттин кетишин кантип майрамдап жатат? [сүрөт]

Copyright © 2017 Maral FM