Биз менен байланышыңыз

Боливия: 14 жыл бийликте турган президент отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 964 | 0

Боливиянын президенти Эво Моралес өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо максатында отставкага кетерин билдирди. Андан сырткары, өлкөнүн вице-президенти Альваро Гарсия Линера да отставкага кетери тууралуу айткан. Президенттин партиясынан болгон бир топ министрлер да кызматтан кеткен.

20-октябрда аталган өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлүп, жыйынтыгында, Жогорку шайлоо соту өлкө башчысы Эво Моралестин жеңгендигин маалымдаган.

Анын башкы атаандашы экс-президент Карлос Меса Моралестин жеңишин моюндабай тургандыгын жарыялаган. Шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин президенттин кайрадан шайлануусуна эл каршы болуп, Боливияда нааразычылык акциялары күч алган. Президент Моралес өлкөдө өзгөчө кырдаалдар режимин жарыялап, оппозицияны мамлекеттик төңкөрүш жасоодо деп күнөөлөгөн.

Боливиянын куралдуу күчтөр башчысы Уильямс Калиман өлкөнүн тынчтыгы үчүн Моралеске өз эрки менен отставкага кетүүсүн сунуштаган. Ошондой эле армия президент Моралестин кайрадан шайлануусуна нааразы болгон элге каршы аракетке барбай тургандыгын кошумчалаган.

Эво Моралес Боливияны 14 жыл башкарган. Ал учурда шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM