Биз менен байланышыңыз

Сенатор Аньес өзүн Боливиянын убактылуу президенти деп жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 635 | 0

Боливиянын парламентинин сенаторлор палатасынын экинчи вице-спикери өзүн өлкөнүн убактылуу президенти деп атады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Парламентте сүйлөп жатып Аньес Конституцияга ылайык, президенттик милдетти мойнуна аларын айтты.

Буга чейини ал өлкөнү башкаруу ниетин билдирген болчу. Жаңы президенттик шайлоону уюштуруу жоопкерчилигин да кошо алган.

Отставкага кеткен Эво Моралестен соң, кызматка вице-президент Альваро Гарсия Линера келиши керек болчу, бирок, ал да бийликтеги кызматынан баш тарткан. Кийинки кезек сенаттын төрагасы Адриана Сальватьерра менен Депуттатар палатасынын жетекчиси Виктор Бордага келген. Бирок алар да президент Моралестин артынан отставкага кетишкен. Конституциялык мыйзамга ылайык, кийинки кезекте Аньес турат.


Боливия: 14 жыл бийликте турган президент отставкага кетти


20-октябрда аталган өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлүп, жыйынтыгында, Жогорку шайлоо соту өлкө башчысы Эво Моралести жеңгендигин маалымдаган.

Анын башкы атаандашы экс-президент Карлос Меса Моралестин жеңишин моюндабай тургандыгын жарыялаган. Шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин президенттин кайрадан шайлануусуна эл каршы болуп, Боливияда нааразычылык акциялары күч алган. Эво Моралес 10-ноябрда өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо максатында отставкага кетерин жарыялаган.

Боливиядагы президенттик кызматын тапшырган Эво Моралес Мексикадан саясий башпаанек алып, Боливиядан чыгып кеткен.


Боливия эли президенттин кетишин кантип майрамдап жатат? [сүрөт]

Copyright © 2017 Maral FM