Биз менен байланышыңыз

Боливиянын прокуратурасы экс-президентти терроризмге айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 551 | 0

Боливиянын прокуратурасы экс-президент Эво Моралести терроризм боюнча айыптап, камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

-«Аудио жазуу иши» боюнча иш алып барган прокурорлор комиссиясы мурдагы президент Эво Моралести терроризм жана терроризмди каржылоо боюнча айыптоону чечишти,— деп айтылат документте.

Соттун айыптоосунда, Моралес кызматтан кеткенден кийин «2019-жылдын ноябрь айындагы кагылышууларда шаарлардын азык-түлүк курчоосун уюштурган» деп айыпталган. Чечимде аны убактылуу камакка алуу дагы талап кылынары айтылат.

Өз кезегинде экс-президент прокурордун чечимин мыйзамсыз жана саясий куугунтук катары баалады.

Ла-Пас прокуратурасы мени Конституцияны бузуу менен мыйзамсыз редакцияланган аудио жазуунун жардамы менен терроризмге айыптап жатат. Бийлик тарабынан системалуу саясий куугунтуктун дагы бир фактысы, — деп жазды экс-президент Твиттерде.

Өткөн жылдын ноябрында өлкөнүн Ички иштер министри Артуро Мурило өкмөт Моралес өзүнүн жактоочуларынын бири менен болгон сүйлөшүүсүн аудио жаздырып алганын жарыялаган.

Анда мурунку мамлекет башчысы Ла-Пасты курчап туруу боюнча кеңеш берген. Ички иштер министрлигинин башчысы мурунку президенттин мындай аракеттерин терроризмге жана адамзатка каршы жасалган кылмыш катары баалады.

Ал ортодо Моралес шаарларды азык-түлүк эмбаргосун киргизүүгө үндөгөн эместигин айтууда.

Прокурорлордун айтымында, колумбиялык адистердин анализи аудиожазуудагы үн Моралеске таандык экендигин көрсөттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM