Биз менен байланышыңыз

Исаков Баткендин чек ара аймактарындагы мектептерден кабар алды

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 624 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 8-9-ноябрь күндөрү жумушчу сапары менен чек арада жайгашкан мектептерге: Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү «Максат» орто мектебине, Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү №3 эксперименталдык гимназияга, Баткен районунун Самаркандек айылындагы курулушу жүрүп жаткан Ж.Момунов орто мектебине жана Баткен шаарындагы мектеп гимназиясына, Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Ж. Байжигитов атындагы орто мектептерге барды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр сапардын жүрүшүндө чек арага жакын аймактагы мектептердин окуу-тарбия иштери, билим берүү инфраструктурасы менен кеңири таанышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен баарлашып, көйгөйлүү маселелерин угуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Чек арадагы “Максат” орто мектебинде конфликтен кийин абал турукташып, кадимки иштиктүү атмосфера уланып жатканын көрдү.

Ал эми “Баткен” гимназиясы да мыкты билим берген, алдыңкы мектептердин бири. Бул мектептин окуучуларынын көрсөткүчтөрү да бир топ жогору. Министр окуучулардын жашоо шарты, билим алуусу, тамактануусу, коопсуздугу боюнча кеңири маалымат алды.

Самаркандек айылындагы Ж.Момунов мектеби чек ара тилкесинин жанында жайгашып, эски мектеби жараксыз абалга келгендиктен, жаңы мектептин пайдубалы түптөлүп жаткандыгын көрүп, курулуш иштери менен таанышты.

Министр мектептердин абалы менен жеринде таанышып, айыл мугалимдери менен кеңири пикир алышып, алардын сунуштарын угуп, билим берүүдөгү ийгиликтерине жана демилгелерине күбө болуп, мугалимдерге дем-күч берип, окуучуларга окуу процессинде колдонуу үчүн технологияларды, адабий жана окуу китептерди белекке берди.

 

Copyright © 2017 Maral FM