Биз менен байланышыңыз

Президенттин маданий мекемелерге болгон сапары [сүрөт, видео]

Кыска кабар | 10 Ноя 2019 | 966 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-ноябрда, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүндө  Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейине барды.

Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы — Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Салима Шабазованын элесине  арналган «Эсимде» көргөзмөсүн көрдү.

Көргөзмөдө Сүймөнкул Чокморов тарткан картиналары жана анын кино искусстводо,  живопистеги чыгармачылык жолу тууралуу сүрөттөр, үй-бүлөлүк музей архивинен  фотоматериалдар коюлду.

Президент ошондой эле имараттын абалы жана музейдин залдары анын борбордук сактоочу жайы менен таанышты.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрына барып, искусство чеберлеринин концерттик программасын көрдү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  маалыматы боюнча 2019-жылдын 15-июлунда башталган Опера жана балет театрынын имаратын ремонттоонун жыйынтыгында Малахит залы,  эки балет залы, артисттердин гримденүүчү имараты реконструкцияланды, механикалык жабдуулар, театралдык сахнаны жарыктандыруу системасы толугу менен алмаштырылды.

Эске салсак, буга чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы ремонттолду, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында жана Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында ремонт иштери жүргүзүлөт.

         

Copyright © 2017 Maral FM