Биз менен байланышыңыз

Эрдоган менен Путин Сирия боюнча телефон аркылуу сүйлөшөт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2019 | 428 | 0
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ишемби күнү, 9-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшө турганын Венгрияга болгон визитинен келе жатып, учакта журналистерге берген интервьюсунда билдирди. Бул тууралуу NTV телеканалы жарыялады.
«Ушул ишембиде урматтуу Орусиянын президенти Путин менен менен телефон аркылуу сүйлөшүүбүз болот. 13-ноябрда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Вашингтондо боло турган сүйлөшүүбүз үчүн маалымат алышыбыз керек» , -деди Эрдоган.
Буга чейин Эрдоган Сирия боюнча Орусия менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн меморандумдун аткарылышын талкуулай турганын билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM