Биз менен байланышыңыз

Дүйшөмбиев: Акылдуу суу өлчөгүч коёлу деген оюбуз бар

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Ноя 2019 | 696 | 0

Бишкекте суу өлчөгүчтөрдүн жаңы стандарты аныкталат. Учурда бул боюнча программа иштелүүдө. Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасынын башчысы Бакытбек Дүйшөмбиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, сууну пайдалануу принциптери да өзгөрөт. Анткени шаарда суу менен камсыз болгон 95 миң жеке турак жай бар. Алардын 2 пайызы гана суу өлчөгүч орноткон.

«Тарифти бул багытта да туура колдонуу максатында иш кылып жатабыз. Жеке турак жайлардагы суу өлчөгүчтөрдүн жаңы принциптерин ишке киргизүү боюнча жумуштар жасалат. Суу өлчөгүчтөр коюлган соң жаран капчыгына жараша суу пайдаланат. Андыктан биринчи стандарттар кабыл алынат. Акылдуу суу өлчөгүчтөрдү коёлу деген оюбуз бар. Анын негизинде суу көрсөткүчтөрүн дистанциондук түрдө алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — дейт Дүйшембиев.

Бишкекте таза суунун баасы кымбаттайт

Ал кошумчалагандай, 15-ноябрдан тарта Бишкектин тургундары үчүн санитардык агындылардын баасы 1 сомго жогорулап, 2 сом 30 тыйынды түзөт. Ал эми бюджеттик мекемелер 3 сом, өндүрүш жана коммерциялык мекемелер 6 сомдон төлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM