Биз менен байланышыңыз

«Бишкекте таза суунун коопсуздугу боюнча маселе жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Ноя 2019 | 1081 | 0

Бишкекте таза суунун коопсуздугу боюнча эч кандай маселе жок. Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасынын башчысы Бакытбек Дүйшөмбиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ичүүчү суу 100% жер алдынан чыгат. Ар бир скважинада фильтрлер бар. Кайра иштетилген суу ичүү үчүн колдонулбайт.

«Бишкексууканал» ишканасынын лаборатриялары суунун сапатын тазалоо, химиялык, биологиялык курамын көзөмөлдөп турат. Алсак, хлордун нормасы саат сайын өлчөнөт.

«Быйыл лабораториялар жаңыланды. Суунун коопсуздугу абдан маанилүү. Ага жараша олуттуу мамиле жасалат. Алсак, суу тармагындагы лабораториялар жылына 77 миң анализ жүргүзөт. Регламентке жараша суу чыккан жерден да, ичүүчү сууга да күн сайын анализ жүргүзүлөт», — дейт Дүйшөмбиев.

Ал кошумчалагандай, «Бишкексууканал» ишканасында жаңы жылдан тарта бирдиктүү база түзүлүп, сурап билүү борбору ишке кирет. Жарандар саркынды суу, таза суу маселесин боюнча кайрылып жооп ала алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM