Биз менен байланышыңыз

«Тургундарды келечекте да суу менен камсыздоо үчүн тарифтер көтөрүлүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Ноя 2019 | 766 | 1

«Бишкексууканал» ишканасынын башчысы Бакытбек Дүйшөмбиев «Марал» радиосуна берген маегинде Бишкекте муздак суунун тарифи жана санитардык агындылар үчүн баалардын көтөрүлүшүнүн себебин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, «Бишкексууканал» ишканасы суу түтүкчөлөрүн реконструкциялоого каражат жетпегендиктен, былтыр 89 млн. сомго чыгым болгон. Ушул себептүү мекеме муздак суунун тарифин жогорулатуу боюнча Бишкек шаардык кеңешине кайрылган.

Аталган кеңеш 24-октябрда «Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу жана суу агындыларынын баасын бекитүү тууралуу» токтомду кабыл алган.

«Бишкектеги жалпы суу түтүктөрдүн узунудугу 1480 чакырым, ал эми канализация түтүктөрү 720 киломертди түзөт. Шаар тургундарын келечекте да суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн тарифтер көтөрүлүүдө», — дейт Дүйшембиев.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар тургундары муздак сууга 5 сом 30 тыйын төлөп келишсе, эми 15-ноябрдан тарта 8 сом 10 тыйын, ал эми мамлекеттик мекемелер 9 сом 10 тыйын төлөшөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Баха

    08.11.2019 19:33

    мерияны жерлерин сатып бутуп эми сууга кезек келди,

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM