Connect with us

Аталарды эскерткен 7-ноябрь

Билим-маданият | 8 Ноя 2019 | 885 | 0

7-8 ноябрь Тарых жана бабаларды эскерүү күнү быйыл 3-жылы расмий белгиленүүдө. Бул күн Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен эскерүү күнү болуп жарыяланган.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев Тарых жана бабаларды эскерүү күндөрүн расмий белгилөө туура кадам болгонун айтат. Себеби буга чейин кыргыздын башынан кечирген оор күндөрү тууралуу көп ачык айтыла берген эмес. Эми тарыхый күндөрдү белгилөө менен репрессияда курман болгон инсандарды, өлкөнүн өнүгүшүнө салымы чоң жетекчилер  тууралуу  жаштарга да жеткирүү керектигин белгилейт.

-Тарыхый күндөрдү расмий белгилегенибиз жакшы. Биз күндү белгилөө менен жаштарга жеткиребиз деп ойлойм. Тарыхый инсандарды кээде өтө мактап жиберебиз.  Кээ бир учурда алар ката кетирген. Муну дагы эске алышыбыз керек. 

Акын Надырбек Алымбеков 7-ноябрь өлкө тарыхындагы бурулуш күн болгонун айтты. Анын пикиринде, азыркы учурда тарыхый күндөр мурункудай маани берилип белгиленбей калган.

-Кыргыз эли үчүн Октябрь революциясынын ролу чоң. Себеби репрессиядан кийин мамлекет өз алдынча эгемендүү болду. Эми азыр расмий белгиленибиз менен, мурдагы касиетин жоготуп бараткандай сезилет. 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бул күнгө карата кайрылуу жасап, анда бул окуялардын баасы саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөрүн айтты. Ошондой эле ата-бабалардын элесинин алдында мамлекеттин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезерин билдирди.

Ушул күндөрү биз тарыхыбыздагы тагдыр чечүүчү мезгилдерди эстейбиз, ата-бабаларыбызды эскерип, алардын элесине таазим этебиз. Элибиз орто кылымдарда Улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, оор сыноолорду башынан кечирди. Каны көөкөрдө, башы канжыгада болуп, мамлекеттүүлүк идеясын кылымдар бою жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө сактап, ал үчүн тынымсыз күрөшүп келди. Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып, 1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук.

Ошол эле учурда, тарыхый күндөрдү эскерип, бирок анын баркына жетпей жатабыз деп сындагандар да бар. Адабий сынчы, жазуучу Олжобай Шакир бийлик өкүлдөрү тарыхый инсандардын атын жамынып, даталарды белгилей бергендин керек жок деп эсептейт.

— Азыркы учурда бийлик өкүлдөрү улуу инсандардын атын жамынып, расмий күндөрдү белгилей берүүнүн кажети барды деген суроо жаралат. Ага каражат кетип жатат, ал эми өлкөнүн социалдык маселелери чечилип жатабы? 

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Тарыхый окуяларды каражат кетирип, шаан-шөкөт менен эскерүү туура эмес деген ойдо. Анын ордуна жаштарга маалымат берип, тарыхый жерлерди тааныштыруу керек.

-Албетте, улуу инсандарды эскергенибиз жакшы, бирок кээде аша чаап кеткен учурлар болуп жатат. Мисалы, бийлик өкүлдөрү катышканда жылкы союп, устукан тартып, каражат коротулуп, майрамдалганы туура эмес. Анын ордуна окуучуларды тарыхый жерлерге алып барып, окуяны айтып берсек, тарыхый инсандардын баскан жолун айтып беришибиз керек.

7-8-ноябрь күндөрү 1916-жылдагы Улуу Үркүн, 1917-жылдагы Февраль, Октябрь ыңкылаптары, 1920-53-жылдардагы репрессиянын курмандыктарын эскерилет. Бул күндөрдү өз-өзүнчө белгилөө керек дегендер да бар.

Copyright © 2017 Maral FM