Биз менен байланышыңыз

Президент: Ата-бабаларыбыз бизге сыймык тартуулаган тарыхты мурастаган

Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 521 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ата-бабаларыбыз кылымдарды карыткан кыйын кезең жолдорду басып өтүп, бизге сыймык тартуулаган тарыхты мурастаганын белгилейт.

Элибиз орто кылымдарда Улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолорун башынан кечирди. “Каны көөкөрдө, башы канжыгада” болуп, мамлекеттүүлүк идеясын кылымдар бою жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө сактап, ал үчүн тынымсыз күрөшүп келди. Аталарыбыз Улуу Үркүндү, Октябрь революциясын башынан кечирди”, — деп айтылат өлкө башчысынын кайрылуусунда.

Президент Улуу мамлекеттик ишмерлерибиздин чечкиндүү эмгеги менен РСФСРдин курамында 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү – тагдыр чечүүчү тарыхый окуялар болгон. Бул окуялардын баасы – өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт, деп белгилейт.

Биз – улуу элдин урпагыбыз, бизге калган ыйык мурасыбыз – эгемен мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, бакубат өнүгүүсүнө жетишип, урпактарга берүүгө милдеттүүбүз. Биз жарандарыбыздын этникалык, диний көп түрдүүлүгүн сактап, ынтымакта элибиздин биримдигин бекемдөө менен бул максаттарыбызга жетебиз, бакубат, гүлдөгөн Кыргыз Республикасын курабыз!”, — деп ишенимге чакырган сөздөр менен президенттин кайрылуусу жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM