Биз менен байланышыңыз

Акеров: Президент парламенттик шайлоо жөнүндө айтат

Саясат | 10 Апр 2019 | 747 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде парламентте кайрылуу жасарын, анын аппаратынан кабарлашты. Президенттин кайрылуусу өлкө үчүн кандай пайда алып келет? Бул туурасында «Күн чекит» программасында Табылды Акеров менен маек курганбыз.

— Өлкө башчынын кайрылуусу эмнеге байланыштуу болуп жатат?

— Президенттер ар дайым кайрылуу жасаарда өлкөнүн көйгөйү, келечеги тууралуу маселелерди айтышат. Менимче, ошондой эле болот болуш керек. Өткөндө Коопсуздук Кеңешинин эки жолку отуруму өттү. Парламенттик шайлоого даярдыктар башталат деп айтылды эле. Ушул сыяктуу бир катар көйгөйлөр боюнча чакыруу жасаса керек.

— Саясий кырдаалды өзгөртө алабы?

— Албетте! Коомчулукта орун алып жаткан башаламан кырдаалдар президенттин кайрылуусунда талкууланып, бир калыпка түшкөнгө жол ачылат.

— Президенттин кайрылуусу оппозиция, позицияны бириктире алабы?

— Жалпы бардыгын бириктириши мүмкүн. Себеп дегенде саясий партиялар, эл деле Сооронбай Жээнбековго көнүп калды. Андыктан, 11-апрелде өтө турган президенттин кайрылуусунда саясий башаламандыктар чечилип, элдин дагы тынчын албаса керек. Келе жаткан партиялык шайлоону демократиялык жол менен өткөрүү тууралу да сөз болот го деп ойлоп жатам.

Copyright © 2017 Maral FM