Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө

Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 683 | 0

Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Буга байланышкан президенттин жарлыгы 2017-жылы жарыяланган.

Бул күндү белгилөөнүн максаты 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө, февраль жана октябрь революциялары, репрессиянын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү болуп саналары айтылат.

7 жана 8-ноябрды жумуш эмес майрам күндөрү болот. Бул күнү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасирин тийгизген тарыхый окуялар, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүү менен байланышкан иш-чаралар уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM