Биз менен байланышыңыз

АКШ расмий түрдө климат боюнча түзүлгөн Париж келишиминен чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 575 | 0

АКШ бүгүн, 5-ноябрда Париж келишиминен чыгуу процессин расмий түрдө баштайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео айтты. Ал расмий билдирүү БУУга жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Мындай демилгени Трамп 2017-жылы көтөрүп чыккан. Америка лидери бул келишим экономикага залакасын тийгизип, өндүрүштүн азаюусуна жана жумуш ордунун кыскарышына алып келерин айтууда. Дүйнө өкмөттөрү Трампты келишимден чыкпоого чакырып келишкен.

Орусия негизги катышуучуларсыз келишимдин эффективдүүлүгү азая турганын белгиледи.

Дүйнөдө абанын эң ири булгоочулары боюнча АКШ экинчи орунда. Биринчиликте Кытай турат.

Келишимден чыгуу процедурасы 2020-жылдын 4-ноябрында аяктары айтылды.

2015-жылдын 12-декабрында Франциянын борбору Париж шаарында 195 өлкө алгач ирет климаттык өзгөрүүлөргө каршы биригишип, Париж макулдашуусуна кол коюшкан. Анда атмосфераны булгоочу күнөсканалардан чыккан көмүр кычкыл газын азайтуу айтылган.

Кошумчалай кетсек, келишимдин алкагында Кыргызстанга 9 миллион 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM