Биз менен байланышыңыз

Чили: Көтөрүлүштүн айынан ооруканага 1600дөн ашык жабырлануучу түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 592 | 0

Чилидеги каршылык акцияларында жабыркап ооруканага жаткырылгандардын саны 1659га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн укук коргоо институту билдирди.

Маалыматка ылайык, 40 киши октон жаракат алган, 473ү ур-токмоктон, 305 адам ар кандай ок атуучу куралдардан жабыркаган. Көтөрүлүштүн жүрүшүндө туткундалгандардын саны 4364кө жетти, алардан 479у – өспүрүмдөр.


18 адамдын өмүрүн алган Чилидеги башаламандык [фотогалерея]


Эске салсак, 14-октябрдан бери Чилиде калайман каршылык акциялары токтобой келет. Акциянын чыгышына өлкөнүн борбору Сантьягодо метродогу жол акыны 3-4 сомго көбөйтүү себеп болгон.

Чилинин президенти Себастьян Пиньера метродогу жүргүнчү акысын көтөрүүдөн баш тартышканын кабарлаганы менен, демонстранттар каршылык акциясын токтотушкан эмес. Жол киренин көтөрүлүшү  — калктын бийликке карата топтолгон нааразычылыктарын көрсөтүүгө шарт түздү.

Copyright © 2017 Maral FM