Чилидеги каршылык акцияларында жабыркап ооруканага жаткырылгандардын саны 1659га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн укук коргоо институту билдирди.
Маалыматка ылайык, 40 киши октон жаракат алган, 473ү ур-токмоктон, 305 адам ар кандай ок атуучу куралдардан жабыркаган. Көтөрүлүштүн жүрүшүндө туткундалгандардын саны 4364кө жетти, алардан 479у – өспүрүмдөр.
Эске салсак, 14-октябрдан бери Чилиде калайман каршылык акциялары токтобой келет. Акциянын чыгышына өлкөнүн борбору Сантьягодо метродогу жол акыны 3-4 сомго көбөйтүү себеп болгон.
Чилинин президенти Себастьян Пиньера метродогу жүргүнчү акысын көтөрүүдөн баш тартышканын кабарлаганы менен, демонстранттар каршылык акциясын токтотушкан эмес. Жол киренин көтөрүлүшү — калктын бийликке карата топтолгон нааразычылыктарын көрсөтүүгө шарт түздү.