Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Жарандар патрулдук милиционерлерге ишенип, коргоо издеши керек

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 568 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-ноябрда, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту. Жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо алгачкы практикалык жыйынтыктарын бергенин канааттануу менен белгиледи — Бишкек шаарынын эки районунда пилоттук тартипте Патрулдук милиция иштей баштады.

«Пилоттук долбоордун алкагында жаңы бөлүмдүн кызматкерлерин, анын ичинде катардагы жарандардын арасынан тандоо тажрыйбасы жакшы жолго коюлуп калды. Коомчулук конкурстун ачык-айкын өтүп жатышынан эч кандай күмөн санабашы керек. Жарандар патрулдук милиционерлерге ишенип, зарыл учурда алардан коргоо издеши керек», — деди Жээнбеков.

Эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов белгиленгендей, ушул жылдын аягына чейин долбоор бүт шаарды камтыйт деп пландалууда — учурда курсанттардын экинчи тобу ИИМ Академиясында окуудан өтүп жатат жана бир аз убакыттан кийин кызмат өтөөгө киришет.

Мындан тышкары, бош кызмат орундарына үчүнчү конкурс өтүүдө — тандалгандар дагы ИИМ Академиясында окутулуп, ишке киришет.

Бишкек шаары боюнча жеке курамды толуктагандан кийин патрулдук милиция долбоорун Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын бөлүмдөрүн жана патрулдук-нөөмөт кызматын бириктирүү жолу менен Ош шаарында, андан соң бүт өлкөдө ишке ашыруу пландалууда.

Эске салсак, өткөн жумада Бишкек шаарынын эки районунда пилоттук тартипте патрулдук милиция иштей баштады.

Copyright © 2017 Maral FM