Биз менен байланышыңыз

Индиядагы кара түтүн: унаалар токтотулуп, мектептер жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 1543 | 0

Индиянын борбору Нью-Дели шаарында абанын булганышынан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Абаны булгаган кара түтүн акыркы 3 жылдан бери эң жогорку чекке жеткен.

Кара түтүндүн айынан жол көрүнбөгөндүктөн аба каттамдары токтотулуп, мектептер жабылган. Зыяндуу кара түтүн унаалардын көптүгүнөн, өндүрүштүк калдыктарды иштетүүдөн жана жалбырактарды өрттөөдөн улам жаралган.

Шаар башкармалыгынын маалыматына ылайык, эки жумага 1,2 миллион унааны айдоо токтотулган. Ошондой эле 30дан ашык паравоз кыймылы жана курулуш иштери токтотулган.

Шаардагы уулуу түтүн расмий түрдө ден-соолукка коркунучтуу экендиги айтылып, бийлик тургундарды үйдөн чыкпоого чакырууда.

Copyright © 2017 Maral FM