Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларды баштайт. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында айтылат.
4-6-ноябрь күндөргө белгиленген Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болбой турганы 31-октябрда айтылды.
7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленип, эс алуу күнү болот.
Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин отурумуна 11-ноябрда чогулушат.