Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Милициянын ишин саясаттан ажыратуу керек

Күн чекит | 1 Ноя 2019 | 939 | 0

1-ноябрь кыргыз милициясынын 95 жылдыгы белгиленди. Салтанатуу иш-чарага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышып, мыкты кызматкерлерге жана ардагерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ошол эле учурда, милициянын кемчиликтери тууралуу айтып, элдин милицияга ишенимин кайтарууну тапшырды.

Милициянын ишмердүүлүгү боюнча коомдо нааразылыктар көп. Бул жагдай тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова менен маек курдук.

Марал: — Милициянын имшердүүлүгүнө канааттанасызбы?

Рита Карасартова:- Жалпысынан айтканда, Ички иштер министрлигинде жасалган реформанын жыйынтыгын көрө элекпиз. Көзгө көрүнөрлүк иш жасала элек, баары эле косметикалык ремонттой, иш үстүртөн эле болуп жатат. 2019-жылы кодекс, мыйзамдар кирип, бир топ талаптар коюлган, алар кандай ишке ашып жатканы да маалым эмес.

Биздеги реформа элди коргоо эмес, бийликти коргоого багытталып калып жатат. Мындан башка дагы бир топ карама-каршылыктар бар. Кантип жана кайсы тарапка жылыш керек деген маселе бар, бирок натыйжа көрө элекпиз. Бул өтө өкүнүчтүү.

Ал эми уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү тууралуу айтсак, аларга каршы күрөшкөн кызматкерлердин ишинде карама-каршылыктар көп экенин, колу-бутубуз байланып калды деп айтып жатышат. Эгер колу-буту байланса, мээ менен иштеш керек. Күч менен иш алып баргандар, кыйноо, ур-тепки ыкмаларын колдонуп жатып да ден соолугунан ажырагандар болду. Бирок аны да акырына чейин ишке киргизе алган жокпуз. Себеби азыр мамлекеттик кызматкерлер жасаган кылмыштарды тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча комитетке өткөрүп берип койгон, алар ишти жабык карап, же дагы башка тоскоолдуктар менен жарандык коомдун жасаган иштерин нөлгө түшүрүп жатышат.

Анын үстүнө, тергөөчүлөр менен кызматташууга түртүп жаткан терс көрүнүштөр орун алууда. Ошондуктан биз мыйзамдуулукту кааласак, концептуалдуу реформаларга барышыбыз керек, майда-чүйдө маселелерди оңдогондон натыйжа чыкпайт.

Марал: — Акыркы учурларда өтө резонанстуу окуяларда милицияда иштеп кеткен, же учурда иштеп жаткан кызматкерлердин тийиштиги бар болуп чыгып жатат. Ошол эле ишкерлердин коопсуздугу да өтө чуу жаратты. Бүгүн да президент ишкерлерди колдоо милициянын негизги милдети болушу керектигин өзгөчө белгиледи. Мындай окуяларга милиция эмне себептен аралашат, маселенин түпкүрү эмнеге барып такалат?

Рита Карасартова: — Укук коргоо, тартип сактоо органдары эч качан саясатка кийлигишпеши керек. Бирок алар тескерисинче, бийликке керектүү кишилерди камап, түрмөгө баргандан кийин көпчүлүктүн акчасын “сындырышып”, крим чөйрөдөгү элдердин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн толтуруп берүүгө милиция шарт түзүп берип жатат. Ошондуктан укук коргоо органдарын саясаттан ажыратуу деген маселени колго алып, бийлик ортосундагы тең салмактуулукту кайтарып алышыбыз керек. Мисалы, бүгүнкү күндө аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги, соттун үстүнөн да Улуттук коопсуздук комитетин коюп коюшкан. Ал президенттин камчысы.

Эгер президенттин саясий эрки бар болсо, бардык бийлик бутактарын тизгинин тартып, туура багытка салууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ал андайга барбайт. Себеби коркутуп, камап, акча топтоп, бийликке келип, шайлоо өткөрүп, бийликте кала берүү үчүн ушундай күчтөргө таянганга көнүп калышкан.

Copyright © 2017 Maral FM