Биз менен байланышыңыз

Самат Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 854 | 0

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Самат Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн сыйланды.

Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жаракат алган. Ал бир нече күн комада жатып, эки жолу операция жасалган. Андан кийин Москва шаарына которулуп, дарыланууда. Кыргыз өкмөтү анын дарылануусуна 1 млн. 298 миң сом бөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM