“Даңазалуу доор” сыяктуу сериалдар эл аралык атактуулук үчүн америкалык телепродукциялар менен тең тайлашып, Жакынкы Чыгышты, Азияны жана Латын Америкасын “ээлеп” алышты. Мындай ири жетишкендиктин сыры эмнеде? Түркия теле үчүн даярдап жаткан өнүм – бул жарнамалык сериалар, теленовеллалар же тарыхый драмалар эмес; бул “дизилер”.
Түрк сериалдары дүйнөнү кантип багындыруда?
Фатима Бутто (Fatima Bhutto)
Савчи Стамбулдагы районундагы иш бөлмөсүндө отурат. Анын кенен кеңсесинде ар башка каналды көрсөткөн беш сыналгы иштөөдө. Ал жалпысынан “дизи” индустриясына көрк берип турат. Бүгүн ал “Даңазалуу доордун” англисче чыгарылышын даярдап отурат. Ага америкалык сериалдарды алып, кайра түркчө кылып тартуу кызык эмес. “Биз болгону түп нусканы жаратабыз. Бул алда канча жакшы!” – деп жылмаят ал.
“Дизи” азырынча англис тилдүү чөлкөмдү багынта элек. Мунун себеби Савчинин ою боюнча АКШ менен Улуу Британиянын көрөрмандары сериалдарды субтитрлери менен көрүүнү жактырышпайт. “Же балким, кеп ислам мамлекети жөнүндө болуп жаткандыктан да болушу мүмкүн”. Мен “Тимс” “Даңазалуу доордогу” бул жагдайды англис тилиндеги версиясында алып салабы деп сурадым. Сергек ой жүгүрткөн, ак көңүл Савчи башын чайкады. “Бир нерсени эстен чыгарбоо керек. Ошол кезде Осмон империясы дүйнөлүк ири держава болгон. Азыр АКШ жалпы дүйнө үчүн кандай болсо, Оттоман Порттору ошол учур үчүн дал ошондой эле. Эгер адамдар сериалга мына ушундай көз караш менен карашса, аны жакшыраак түшүнүшмөк, бирок ансыз коркунучту сезип жатышат”.
Түрктөр сапаттуу америкалык телекөрсөтүүлөрдү 1970-жылдардан тарта көрүп келе жатышат. Мерт Фырат (Mert Fırat) сыяктуу актерлор чеберчиликти «Даллас» (Dallas) жана «Династия» (Dynasty) сериалдарынан үйрөнүшкөндөрүн мага айтып беришкен. Дал ушул тасмалар аркылуу алар ички сезимдерин көрсөтүүнү жана мелодрама жаратууну үйрөнүшкөн. Мунун баары «дизи» үчүн керек эле. Бирок бир нерсе жетпей тургандай сезилчү. Аларда заманбап дүйнөдө кантип бай жана таасирдүү адам болуу жөнүндө идея жок болчу.
Көпчүлүк Голливуддан эмнеге “качып калышты”?
Белгилүү «Күмүш» «дизисинин» жылдызы Кыванч Татлытуг (Kivanç Tatlıtuğ) башкалар сыяктуу кеп сөзсүз эле эскичиликте же баалуулуктарда эмес, өзгөлөрдүн кубанычын бөлүшө билүүдө деп эсептейт. Ал электрондук почтасы аркылуу мага көрүүчүлөр эмнеден улам батыштын жасалма көрсөтүүлөрүнөн качып, «дизилерге» ыктап жатканын айтып берди. «Көпчүлүк көрүүчүлөр алардын күнүмдүк окуялары Голливуд же Европа тарабынан «акталбай» жатат деп эсептешет», — деп жазат Татлытуг. — Натыйжада, бул окуяны баяндоо маселесине келип такалат. Мисалы, «Так оюндары» (Game of Thrones) же «Баары татаал» («Breaking Bad») окуялары зор кызыгуу жараткандыгын билебиз. Булар – укмуш тасмалар. Ошентсе да, айрым адамдар бул Голливуд окуяларынын арасынан өзүн көрө албай, өзүнө жакын, окшош окуяларга бай жаңы тасма көргүсү келет».
«Батышты үй-бүлөдөгү баалуулуктарды жууп салуу темасы ойлондурбайт», — дейт Эсет. — Соңку төрт жылдагы белгилүү түрк шоуларынын 40%ы корей драмаларынын кайра иштелип чыкканы (ремейк) болчу». Ал корейлер Латын Американын базарына түрктөргө салыштырмалуу тез кирип жатканын баса белгилөө менен мындай дейт: «Корея дагы – үй-бүлөгө чоң маани берген өлкө. Ошол эле учурда, Батышта бул эски үй-бүлөлүк баалуулуктарга болгон романтикалуу көз караш жоголуп кетти».
Биз жолуккан маалда Эсет «Карга 7» (Karga 7) деп аталган түрктөр менен америкалыктардын орток киностудиясы менен кызматташып жаткан. Бул киностудия өз сериалын дүйнөлүк рынокто жүгүртүүнү пландап жатат. «Мен адамдар менен түрк сериалдары жөнүндө сүйлөшкөндө, алар бири-бирин урматтоого ашыккан романтикалуу үй-бүлөнү элестетишет. Ошондой эле, коркунуч сырттан келип, бай үй-бүлөнүн кызын жактырып калган бала (тескеричинче да болулушу мүмкүн) үчүн социалдык-экономикалык катмар маанилүу роль ойнойт. Адатта, мындай окуяны Батыш каармандын жеке жашоосу аркылуу чагылдырылат. Мында жыныстык катнаш, зордук-зомбулук, баңгизат көп көрсөтүлөт», дейт ал. Түрк телекөрсөтүүсүндө мунун баары аз берилет. «Фатмагүл» сериалындагы сүйүшкөндөр 58-бөлүмдө гана алгачкы ирет өбүшөрүн баса белгилейт.
2017-жылдын августунда мен Жакынкы Чыгыш көрсөтүү борборунун филиалынын башкы башкаруучусу Фади Исмаил (Fadi Ismail), «O3» студиясы (O3 Productions) жана түрк телекөрсөтүүсүнүн өнүмдөрүн Жакынкы Чыгышка алып келүүгө жоопкерчиликтүү адам менен Бейрутта жолуктум. «Бир аз мактанайын, мен түрк маданиятын телекөрсөтүү аркылуу дүйнөгө ачкан адаммын», — деп күлгөн Исмаил сөзүмө толуктоо киргизди. «Эм-би-си» (MBC) — 400 миллион адам жашаган Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы ири телекөрсөтүү. «Эм-би-синин» курамында жаңылыктар каналы, балдар каналы, аялдар каналы? Болливуд каналы жана күнү-түнү көрсөтүүчү теледрамалар каналы бар. Бул каналда Египеттин жарнамалык сериалдарын, корей драмаларын жана Латын Американын теленовеллаларын көрсөтөт.
2007-жылы Исмаил Түркиядагы сатып алуучулар үчүн багытталган кинофестивалга катышканы барып, кичинекей палаткага көзү түшөт. Анда жергиликтүү телесериал көрсөтүлүп жаткан эле. “Мен токтоп, эч нерсе түшүнбөсөм деле көрө бердим. Бирок бул араб контенти экенин дароо элестете баштадым. Мен оюмда ага арабча үн коштотуп, тамак-ашын да, кийим-кечесин да араб маданиятына ылайыктап көрдүм. Баары биздики сыяктуу эле болуп калды. Эврика!” – деп эскерет ал.
Исмаил өз каналы үчүн түрк сериалын сатып алды. Бул биринчи долбоордун аталышы эсинде жок. Себеби, ал үчүн долбоордун аталышы, каармандардын аты арабча жаңы аталыштарга ээ болушу көнүмүш нерсе. “Ар бир аталышта “сүйүү” деген сөз бол турган. Андыктан, айырмалай албай деле калдым. “Бирдеме сүйүү”, “Кайгылуу сүйүү”, “Узак сүйүү”, “Кыска сүйүү”, “Өлүмгө тете сүйүү”… Алгачкы хит “Күмүш” болду. Анын араб рыногу үчүн аталышы “Нур” (Noor) эле.
Египетти Сириянын фильми ээлеп алган эле…
Египеттиктер салттуу түрдө өзүнүн кинематографиясы менен даңкталып келген. Ошондой эле, алар бул аймакты телекөрсөтүүлөрү менен да багындырып алган эле. Бирок 1990-жылдары Аны Сирия басып алган. Сириялык актерлор өздөрүнүн драмалык жана комедиялык таланты менен атакка ээ болушкан. А режиссерлор чыныгы сүрөткерлер эле. Таланттуу сценаристтер мамлекеттин колдоосу менен сапаттуу сериалдарды чыгарып турду. Өкмөт телекөрсөтүү тармагына көңүл буруп, керектүү техникалык жабдыктар менен камсыздап турган. Тартуу иштерин Сириянын тарыхый жерлеринде жүргүзүүгө уруксат берилген. Бирок согуш тутанып, мунун баары кыйрап калды. Исмаилдин айтуусуна караганда, дал ушул маалда түрктөр алардын ордун ээлеп калууга даяр турган.
Сириялык теледрамалар “бүткүл арабдардын феноменине” айланып калгандыктан, “Эм-би-си” түрк драмаларын арабчанын сириялык диалектисине которууну чечишет. “Бул чоң ийгиликтин бирден бир себеби. Биз түрк драмаларын кеңири таралган сириялык диалектисине которо алдык”, — деп сөзүн жыйынтыктайт Исмаил. Буга чейин түрк драмалары Жакынкы Чыгышта көрсөтүлгөн маалда, ливиялыктар мексикалык жана бразилиялык теленовеллаларды көрүшчү. Алар белгилүү болгону менен, белгилүү көйгөйлөр бар эле. Алгачкысы, тил маселеси. Теленовеллалар ал-фусх тилинен которулчу. А ал стандарт, адабий араб тили Ирактан Суданга чеймн жайылып, гезит, журналдарда колдонулат.
Экинчи маселе баалуулуктарга тиешелүү. “Аймеджик” (iMagic) бейруттук телекомпаниянын координатору Иман Мезхер (Imane Mezher) “Мексикалыктар чынында бизге окшош эмес”, — дейт. “Аймэджик” “Араб таланттары” (Arabs Got Talent) жана Жакынкы Чыгыш үчүн “Икс Фактор” (X Factor) программасынын версиясын даярдашат. Ошондой эле “Курсак бийи боюнча чемпионат”, исламдын негизиндеги “Экстремалдык өзгөрүү” (жашоого коркунуч жараткан абалда операция жасалат) сыяктуу долбоорлорду сунушташат.
Мезхер теленовеллалар жөнүндө эстеп, баш чайкайт. “Анда кыз бар. Атасы, апасы белгисиз. Бул сюжеттер маанисиз эле. Биз консервативдүүлүктү жактырабыз. Түрктөр бул жаатта таң калтырышчу. Аларда баары аралашкан: европалык эркиндикке умтулуу жана ошол эле убакта биздегидей эле консервативдүү көйгөйлөр. Окуялар, аттар окшош жана адамдарга бул жагат”.
***
Бирок соңку бир жарым жылда түрк телекөрсөтүүсүнүн кеңдиги кыскарды. 2018-жылдын 2-мартында сауд убактысы боюнча түнкү саат бирде “Эм-би-си” түрк “дизисин” эфирден алып салды. Алты “дизини” көрсөтүүгө тыюу салынган жана “Эм-би-си” үчүн бул 25 миллионго турган. “Түрк сериалдарын эфирден алып салуу буйругу болгон. Буйрук ээси ким экенин айта албайм”, — деди канал өкүлү.
2015-жылы Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мохаммед бен Салман “Эм-би-сини” сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бирок үч миллиард долларды кымбат деп баалаган. 2017-жылдын ноябрында Мохаммед бен Салман “Эм-би-синин” директорлор жана акционерлер кеңеши тарабынан коррупцияга каршы кампаниянын негизинде деген жүйө менен камалган. 83 күн ажайып түрмөдө жаткан “Эм-би-синин” негиздөөчүсү Валид бин Ибрагим Аль Ибрагим боштондукка чыккан.
Түрк сериалдарында тарых бурмаланган учурлар да бар
Эл аралык дагы, ички дагы саясатты “дизилердин” жаралышынан бөлүп кароо мүмкүн эмес. “Даңазалуу доорго” каршы чыккан Эрдогандын өзү да аны Осмон империясынын тарыхын бурмалаган деп айыптаган. Анын өкмөтү тартуу иштери үчүн тарыхый жерлерди колдонуу уруксатын кайтарып алган. Ал эми “Түрк аба линиясы” компаниясы дагы өкмөттүн кылтагына илинбөө үчүн учактарда көрсөтүүдөн баш тарткан. Атүгүл, Эрдогандын партиясынын атынан отурган депутат бул сериалга тыюу салуу демилгесин да көтөрүп чыккан.
“Даңазалуу доор” мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жумшак күчтүн көрсөткүчү боло албаса да, башка “дизилер” бул максат үчүн пайдаланылган. Алгачкысы “Тирилүү: Эртуурул”. “Ти-ар-тинин” бул өнүмү өкмөт тарабынан колдоого алынган. Тасма Осмон султандын атасы Эртуурул Газинин доору жөнүндө. Жарнамалык урааны “Улут ойгонууда”. Беш сезон бою көрүүчүлөр Эртуурулдун монголдор, христиан-византиялыктар, крестүүлөр менен согушканын көрө алышат. Бул “дизи” жөнүндө Эрдоган: “Арстандар өз тарыхын жаза баштабаса, мергенчилер баатыр боло берет”, — деген пикирин билдирген.
Абдул Хамидге окшоштурулган Эрдоган
Дагы бир сериал – “Абдулхамид тагы” же “Акыркы падыша”. Мунун борборунда осмондордун таңуулаган идеясы жатат. Негизи өзөк соңку кубаттуу осмон султаны Абдул Хамид IIнин бийлиги тууралуу. Алгач 2017-жылы эфирге чыккан. Жогорку көрсөткүчкө ээ болгон. Тактап айтканда, ар жума күнү 10 көрүүчү ушул сериалды көрүү үчүн сыналгынын алдына отурчу. “Дизинин” жактоочулары да, жактырбагандар да султандын образы Эрдогандын көчүрмөсү экенин байкашкан. Атүгүл, экөөнү тууган санагандар чыккан. Бирок сынчылар экөөнүн тең катаал бийлик жүргүзүүгө көз каранды деп баалашкан.
Түркия өкмөтү 2023-жылы “дизилерди” экспорттоо 1 миллиард доллар алып келет деп ишенип турат. Бирок “Глобалдык агенттиги” “дизи” дистрибьюторунун негиздөөчүсү Иззет Пинто Жакынкы Чыгыштагы “жоготуудан” кийин 500 миллион доллар күтүү туур болот деп эсептейт. Бирок Италия, Испания, Латын Америка, Батыш Европа чөлкөмдөрү бул “жоготуунун” ордун толуктай алат деп божомолдоодо.
Ал эми “Тимстеги” Селин Арат түрк сериалдары атактуулуктун туруктуу деңгээлине чыкты деп ишенет. Балким, түрк телекөрсөтүүсүнө суроо-талап өспөйт, бирок ал дүйнө жүзүно кеңири таралган. Сауд Аравиясы “дизи” тармагында бир кадам артка чегинди. Бирок түрк “дизиси” муну менен эле токтоп калбайт.
Булак: The Guardian