Биз менен байланышыңыз

Жумаканов: Сүт азыктарынын экспорту өстү

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Ноя 2019 | 418 | 0

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5200 тонна көп сүт азыгы экспорттолду. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы 9 айда 270 тонна балык экспорттолсо, быйыл бул көрсөткүч 1 миң тоннадан ашты.

Ал эми эттин экспорту 1 миң тоннага өскөн. Эт Иран, Кувейт, Араб өлкөлөрүнө экспорттолууда.

«Мындай өсүштөргө эпизоотиялык абалдын жакшырышы, ЕАЭБдин ветеринардык шайкештик статусун алышыбыз, ветеринардык тейлөөнүн өсүшү себеп болду. Мындан сырткары ишкерлер сапаттуу өнүмдөрдү өндүрүп баштады. Сертификаттар электрондук түргө өтүп, чоң жемишин берди», — дейт Жумаканов.

Ал мындан сырткары, ветеринарларга жакшы шарт түзүлүп жатканын белгилеп, 98 жаш мал доктур айыл жерлерине кеткенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM