Биз менен байланышыңыз

9 пайыз чекти төмөндөтүү сунушу коомдук талкууга чыкты

Күн чекит | 29 Окт 2019 | 1162 | 0

Шайлоо босогосун төмөндөтүү, күрөөгө коюлуучу акчанын суммасын төмөндөтүү жана башка өзгөртүүлөр сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери: Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жеенчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев.

Негизги сунушталып жаткан өзгөртүү босого чекти 9 пайыздан 5 пайызга чейин түшүрүү. Буга чейин кабыл алынган мыйзамда парламенттик шайлоодогу партиялардын парламентке келишин шарттаган 7 пайыздык босого 9 пайызга көтөрүлгөн. Демилгечи депутаттардын бири Исхак Масалиевге суроо узаттык.

Марал: -Шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эми бул талкуулар канча убакытка созулат жана андан кийинки процедуралар кандай аткарылат?

Исхак Масалиев: -Парламенттик шайлоого өтүүдөгү босого чекти төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору коомдо болгон мамилеге таасир берген мыйзам. Ошондуктан ага коомчулук, саясий уюмдар жана башка бардык каалоочулар өз сунуштарын бериши керек. Алар да талдап, туура же туура эмес жагдайлар тууралуу пикирлерин айтышы керек. Ошондо эл өкүлдөрү ал сунуштарды эске алып, парламенттин кароосуна алып чыгабыз. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууда бир ай турат. Андан кийин демилгечилер айтылган сунуштарды карап чыккандан кийин, акыркы вариантын иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштайбыз. Анда колдоо тапса, президенттин колу коюлушу көп убакытты албайт.

Марал: -Сиздер азыркы 9 пайыздык чекти 5 пайызга түшүрүүнү сунуштап жатасыздар. Бул сунуш канчалык колдоо табат жана бул эмнени чечет?

Исхак Масалиев: -Мисалы, азыркы мыйзамга ылайык шайлоо өтсө, парламентке 2-3 партия өтөт, алар бийликке тийиштүү партия болот, калганына жол тосулат. 9 пайыздык чек көпчүлүк шайлоочулардын мамлекетти башкаруу укугун ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүк бербейт. Мисалы, 2 млн. шайлоочу келсе, анын 1 миллионунун өкүлү өтүп, калганы калып калат. Ошондуктан жок дегенде босого чек 5 пайызга түшүрүлсө, 100 миңдей добуш алган партия депутаттык мандатка жете алат. Бул жакшы эле көрсөткүч болмок.

Марал: -Парламенттик шайлоого өтүүдөгү 9 пайыздык чек боюнча ар тараптуу пикирлер көп. 9 пайызга каршы болгон бир топ жарандык активист жана коомдук ишмерлер буга чейин да жыйын өткөрүп, бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин талап кылышкан. Өзүңүз билгендей, учурда коомдо Жогорку Кеңештин азыркы курамына нааразылык көп. Ошондуктан парламенттеги азыркы жүздөр канчалык жаңыланат деп ойлойсуз?

Исхак Масалиев: -Менин жеке байкоомдо, кандай мыйзам менен шайлоо өтсө да, депутаттардын 30 пайыздан ашыгы кайра келбейт, 70 пайызы жаңыланат. Бирок чынында азыркы анча-мынча «уялчаак» депутаттар кайра келбей эле койсо жакшы болот эле.

Copyright © 2017 Maral FM