Биз менен байланышыңыз

Абдымен: Борбор Азия жаңы доорго келди

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 386 | 0

Борбор Азия дүйнөлүк деңгээлде чоң кызыгууну туудурган аймакка айланып бара жатат. Бул тууралуу медиа-эксперт Кубан Абдымен “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азия жаңы доорго келди. Жыл соңуна чейин Борбор Азия президенттеринин чоң саммити өтүп калышы ыктымал. Өзбекстан демилгечи тарап катары ири даярдыктарды көрүүгө милдеттүү.

Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев Борбор Азияда биргелешип ири иштерди алып барууга мүмкүнчүлүк бар экенин, бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнө билдиргенин, анын сунушуна Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери макул болгонун эске салды.

“Бирок Нурсултан Назарбаев мамлекеттик ички иштердин көптүгүнөн улам, Ташкенттеги жаңы кездешүүнү өткөрбөй туруу оюн билдирди. Бул боюнча башка президенттер ыңгайлуу учурда кезигүү боюнча макулдашышкан. Ошол бойдон Борбор Азия президенттеринин чоң саммити качан болору алигиче белгисиз. Бирок сөзсүз түрдө болот”, — дейт Абдымен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM