Кийинки жылы буудай аянттарын көбөйтүү зарыл. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин азык -түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Нурмамат Муллаккелдиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, министрлик кийинки жылдагы кадамдар боюнча «Тегирменчилер» ассоциациялары менен биргеликте иш алып барышы керек.
Буудай Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад облустарында көп өстүрүлөт. Алсак, Таласта 4 миң га, ал эми Чүйдө 106 миң га жерге буудай айдалат.
«Быйыл үрөнчүлүктүн сапатын өстүрүү боюнча 104 млн. сом бөлүндү. Анын негизинде мурда 20 центнер буудай алынган жерден азыр 50-70 центнерге чейин үрөн алынууда», — дейт Муллаккелдиев.