Биз менен байланышыңыз

«Бийлик тутумунда иштегендердин 90% билимдүү, бирок…»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 449 | 0

Бийлик тутумунда иштегендердин 90%ы билимдүү. Бирок кадр саясаты туура эмес жүрүп, маяналар туура каралбагандыктан, кызматкерлер иш жүзүндө жөндөмүн көрсөтө албай жатышат. Мындай пикирин «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, айрым кызматкерлер турмуш муктаждыгынын айынан коррупцияга аралашып кетүүдө. Өлкөдө экономикалык процесстерге терс таасирин тийгизген мыйзамдар кабыл алынып калган.

«Өндүрүш ишканаларынын кызыкчылыгы корголгон эмес, эл карызга батып кетти. Кен байлыктар мыйзамы жеке кызыкчылыктын чегине өтүп кеткен. Өкмөткө экономикалык тармактагы, казынаны түптөө багытындагы мыйзамдарды өзгөртүү талабын коёбуз. Биз чыныгы партия түптөөнү, мыйзам сыйлоону үйрөнүшүбүз керек», — дейт Асанбеков.

Асанбеков уран казуу, кадр, коррупция маселелери боюнча бийликке кайрылганын да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM