Биз менен байланышыңыз

Асанбеков: чакан «байлыгымды» түптөп алган саясатчымын

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 1578 | 5

Айрым саясатчылар шайлоо процесстерине келгенде көз карандысыздыгын, идеялык багытын унутуп, бийликке умтулат. Алар жеке кызыкчылыкты жогору баалап жиберишет. Мындай пикирин «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Асанбеков 2010-жылы акчалуу, бирок саясаттагы тажрыйбасы кем болгондугун, учурда, тескерисинче, каражаты азайса да, ар бир аймакта пикирлеш адамдары бар экенин айтат.

«Пикирлештерим — менин байлыгым. Партиялаштырымдын иш-аракети — мен үчүн чоң байлык. Учурда чакан байлыгымды түптөп алган саясатчымын. Адам саясатчы болордо оор чечим кабыл алат. Жеке ишмердигин токтотпосо, эч качан саясатчы боло албайт. Саясатчы – адилеттүүлүктүн булагы. Ошондуктан 2010-жылы бизнес ишмердүүлүгүмдөн баш тарткам. 9 жылда Кыргызстанда бир да тойкана салган жокмун», — дейт Асанбеков.

 

5 пикир

5 пикир

  1. Рахматулла

    30.10.2019 02:03

    Кыргыздын эн намыстуу саясатчысы !!!

  2. Рахат

    30.10.2019 02:35

    Асанбеков Темирбек Ишенбаевич очень грамотный человек,нужно его выбрать в следующие президенты,его программа выведет страну из кризиса,успехов вам Темирбек Ишенбаевич .

  3. Мекен

    30.10.2019 03:11

    Жалгыз таза лидер!

  4. Адилет Осмонакунов

    30.10.2019 04:16

    Саламатсыздарбы марал радиосунун жамааты жана сизге Темирбек Ишенбайевич.
    Биринчиден сиздерге рахмат Темирбек Ишенбайевичти чакырганыңыздарга жана убактыңызды бөлүп келип жакшы маек куруп бергениңизге агай сизге дагы чооң рахмат.
    Менин атым Адилет Кыргызстанда эң таза, билимдүү, корупцияга аралашпаган саясатчыбыз ушул эле инсаныбыз калды мен 2010-жылдан бери колдойм жана партияга мүчө болгонума жарым жылдай болуп калды. Биз Кыргыз эли чыныгы патриоттор биригели өзүбүздүнда салымыбызды кошолу агайга бутуна бут колуна кол болуп.
    Азыр москва шаарында иштейм тамак ташып эл катары бирок көр оокат деп жүрө берсек мекенибизден айрылып калышыбыз мүнкүн.
    Кааласаңыз чыныгы патриот болсоңуз кошулуңуздар Мекен Ынтымагы партиясына. Анык, таза, чыныгы партия МЫ!

  5. Гулзат

    30.10.2019 09:04

    Кучтуу инсан.Эфир абдан жакты.суроосу да жообу да купулга толду!!! Ийгилик.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM