Биз менен байланышыңыз

Каржы министри: 2020-жылга бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 183 млрд. сом

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 759 | 0

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында мамлекеттик бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана бюджеттик жүрүмдү натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд. 708 млн. сом көлөмүндө, же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдонот. Ушул жылдын бюджетине салыштырмалуу кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 7,8 %га же 13 млрд. 248 млн. сомго көбөйөт.

2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд. 710 млн. сом көлөмүндө, же ички дүң өнүмдүн 24,5 %на каралат. Ушул жылдын бекитилген бюджетине карата кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 11 млрд. 948 млн. сомго көбөйөт. 2021-2022-жылдар мезгилинде республикалык бюджеттин кирешелери 164 млрд. 916 млн. сомду жана 169 млрд. 243 млн. сомду түзөт.

2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд. 663 млн. сом деңгээлинде белгиленген. Бул ушул жылдын бюджетинен 11 млрд. 750 млн. сомго көп. 2021-2022-жылдарда республикалык бюджеттин чыгымдары 173 млрд. 498 млн. сомду жана тийиштүү түрдө 174 млрд. 967 млн. сомду түзөт.

Ал эми 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд. 953 млн. сомду, же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызын түзөт. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 9 млрд. 953 млн. сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган. Ички булактар боюнча, 3 млрд. 106 млн. сом өлчөмүндө оң сальдо каралса, тышкы булактар боюнча, 6 млрд. 847 млн. сом өлчөмүндө оң сальдо каралган.

 

Copyright © 2017 Maral FM