Биз менен байланышыңыз

Депутат: токой чарба агенттиги табиятты тоноодо

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Окт 2019 | 838 | 0

Чек ара аймагында жайгашкан аскер кызматкерлери автоматтары менен тоого чыгып, каалашынча аңчылык кылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдарда иштеген, колунда бийлиги бар кызматкерлер көп аңчылык кылат.

Депутат белгилегендей, 40тай мергенчилик чарбалары жерлерди бөлүп алып, видео көзөмөл коюп алышкан. Анын кесепетинен жергиликтүү элдин тоого чыгышына тоскоолдуктар жаралып, аңчылык фирмаларына нааразычылыктар пайда болгон.

Токтошев чет элдик донорлор айлана чөйрөнү коргоо максатында курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине грант берип жатканын эске салып, жакында агенттикке түшкөн каражаттар тууралуу бардык маалыматтарды коомчулукка алып чыгарын билдирди.

-Андан сырткары, токтом менен өзгөртүүлөрдү киргизип, сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга карата айып пулдардын өлчөмүн көбөйтөбүз. Агенттиктин иш алып баруу системасын толугу менен карап чыгабыз. Анткени алар айлана-чөйрөнү коргоонун ордуна, кайра аны тоноп жатышат», — дейт Токтошев.

Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш сейрек кездешкен аркар, кулжа, элик, теке сыяктуу жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM