Биз менен байланышыңыз

Нарында 150 орундуу жаңы мектеп ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 630 | 0

Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылындагы 150 орунга ылайыкташкан мектеп пайдаланууга берилди. Мектептин ачылышына билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышып, окуучуларды жакшы билим алууга үндөп, курулушка салым кошкон демөөрчүлөргө, жергиликтүүлөргө ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Арсы орт мектебинин мурдагы имараты ашар жолу менен 1960-жылы курулган. 2016-жылы Кочкор райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан мектеп авариялык абалда деп табылган.
Жаңы мектептин курулушу “Ассанабилл” кайрымдуулук фондунун программасы менен өткөн жылы ноябрьда башталып, фонд тарабынан 120 миң, Кувейт мамлекетинен 100 миң доллар бөлүнгөн. 
Жергиликтүү ишкер Эркин Дегенбаев 20 миң доллар өздүк салым кошкон. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик 250 миң, Кочкор коомунун өкүлү 260 миң сом кошумча каражат берген.

Мектептин ашканасы 60 орунга мерчемделген.

Кошумчалай кетсек, Арсы айылында 145 түтүндөн ашык эл жашайт. 2019-2020-окуу жылында Арсы орто мектебине 138 окуучу билим эшигин аттады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM