Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 532 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда, дипломатиялык кызматкерлерди жана ардагерлерин кесиптик күнү менен куттуктап, алардын көп векторлуу жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзүп жатканын белгиледи.

«Эл аралык кырдаалдагы жаңы чакырыктар биздин дипломаттардан жоопкерчиликти, мекенчилдикти, кеңири көз карашты, билимди, жогорку маданиятты талап кылат. Сиздер бул милдетти абийирдүүлүк менен аткарып келесиздер. Мамлекет мындан ары да дипломатиялык кызматтын кадыр-баркын бекемдей берет. Кызматкерлердин кесиптик жактан өсүүсүнө өбөлгө түзүү, жаңы формациядагы дипломаттарды даярдоо — көңүл борборундагы маселе,» — деп айтылат куттуктоосунда.

 

Copyright © 2017 Maral FM