Биз менен байланышыңыз

24-30-октябрга карата аба ырайы

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 537 | 0

24-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

28-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

29-30-октябрларда тоолуу райондордо бир аз жаан жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Copyright © 2017 Maral FM