Биз менен байланышыңыз

Улукбек Ормонов: Мектеп окуучулардын ысык тамагына 7 сом кантип жетет?

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 390 | 0

Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, мектеп окуучуларынын тамак-ашына бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын. Мындай пикирди депутат Улукбек Ормонов бүгүн Парламентте “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатканда айтты.

Мыйзам долбоорунда ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол сала турган жоболор бар, азыр аны мыйзамдаштыргысы келип жатат. Окуучулардын тамактануусуна бөлүнүүчү 7 сомго кандай ысык тамак келиши мүмкүн? Мүмкүн эмес! Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын. Мен деле бул мыйзам долбооруна каршы эмесмин, бирок анын ушул бойдон кабыл алынышына каршымын”, — деди ал.

Ормонов ошондой эле, Билим берүү министри Каныбек Исаковдун бул мыйзам долбоорун колдогонун сынга алды.

Мыйзамды министр колдойт экен, демек, ал өзү жакында эле ата-энерлерден акча чогултпоо жөнүндөгү чыгарган буйругуна каршы чыгып жатпайбы…?”, — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM