Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Бийлик Матраимовдун тегерегиндеги маселелерге чекит коюшу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2019 | 1811 | 1

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимовдун тегерегиндеги маселелерге чекит коюлушу керек. Бул тууралуу КРнын эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик Матраимов боюнча коомдук талкууга жем таштабай, чындыкты айтып койсо, эл тынчып калмак.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 19-декабрында президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйында Райымбек Матраимовдун уурдалган мүлкү тууралуу далилдер болсо, текшерүүгө алынарын айткан. Ал эми экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы  Матраимовдун мүлкү боюнча ушул жылдын  январь айында текшерүүлөрдү баштаган.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    30.10.2019 19:24

    Акчага сатылбаган, таза чынчыл бийлик болсо элдин алдында Матраимовторду так, ак же кара деп айтыш керек. Болбосо бул бийлик дагы элдин ишениминен кетет.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM