Биз менен байланышыңыз

«Бир Болдун» убадалары: жаңы ГЭСтер, мугалимдердин 30 миң сомдук маянасы

Саясат | 22 Окт 2019 | 3216 | 1

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын убадаларын эске салууну улантабыз. 135 миңге жакын шайлоочунун добушуна ээ болгон «Бир Бол» партиясы мамлекеттик кызматкерлердин маянасын эки эсе жогорулатуу, ГЭСтерди, завод фабрикаларды куруу, 70 миң жумуш ордун түзүү жана башака бир топ жумуштарды аткарууга сөз берген. Бүгүнкү күнгө чейин “Бир Болдун” депутаттары берген убадаларын канчасын аткарууга жетишти? 

134 миң 909 жаран же шайлоочулардын 8,59% добушу менен парламентке келген «Бир Бол» партиясы 2015- жылкы шайлоого “Илбирстин секириги” программасын алып чыккан. Бир болчулар дүйнөлүк экономикада болуп көрбөгөндөй экономикалык секирик жасашып, алдыга суурулуп чыккан Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг, Малайзия өлкөлөрү сыяктуу Кыргызстанды да кыска мөөнөттө өнүккөн өлкөгө айлантуу убадаларын беришкен.

Бюджеттеги таңкыстык жоюлмак

Алсак, депутат Акылбек Жапаров айлык акы жана пенсия 2 эсеге көтөрүлөрү жана 3 жыл ичинде бюджетте дефицит болбой турганын айткан. «Бир болдун» обочолонгон дагы бир айтканы — мугалимдердин маянасын жок дегенде 30 миң сомго көтөрүү эле.

Бирок Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда айлык акынын орточо эсеби 15 миң сомду түзөт. Мамлекеттик кызматкерлер орточо 10-12 миң сом маяна алат. Ал эми, орточо пенсия өлчөмү 5600-6000 сомго жетет. Ал эми октябрдагы өзгөрүүнү эсепке албаганда, мугалимдердин маянасы 13 миң сомдун тегерегинде гана болууда.

Мындан сырткары, Кыргызстан 2016-жылдын бюджетин 20,9 миллиард сомдук тартыштык (дефицит) менен аяктаган. 2017-жылы бул көрсөткүч 23 млрд сом болсо, 2018-жылы бюджеттеги тартыштык 20 млрддан ашкан.

Ал эми «Бир Бол» партиясынын катарында шайлоого аттанган Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Марат Султанов 8 дин ордуна 2 эле түрдөгү салык болоорун кеп кылган.

Бирок бүгүнкү күндө салыктын 12 түрү бар экенин Салык кызматынын сайтынан көрүүгө болот.

ГЭСтер курулмак

Ошондой эле айтылган убадалардын катарында: ГЭСтерди, завод фабрикаларды куруу, 70 миң жумуш ордун түзүү, министрликтердин санын 9га кыскартуу жана башка убадалар бар.

“Бүгүнкү күндө канча убада аткарылды?” деген суроо менен “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Улугбек Ормоновко кайрылганыбызда демейдегиден өзгөчө жооп алдык.

-Фракция лидери бар, ошого байланышкыла. Партиянын программасын Акылбек Жапаров жазган. Ошолордон сурагыла.

«61 мандат болсо, баары аткарылмак»

Ал эми дагы бир «бир болчу» депутат Исхак Пирматов убадалардын көбү аткарылбай калганын моюнга алат. Ал айтылган иштердин көбүнүн аткарылбай калышына фракциянын мандаты аз болгонун жүйө келтирди. Анан дагы бийликтин партиясы болбогону үчүн колдон келбей калганын айтты. Бирок мындай көрүнүш бир эле “илбирстин секиригин” колдогондордо эмес, көпчүлүк фракцияларда кездешет деп эсептейт.

-Өкүнүчтүүсү эл, электорат бир чындыкты билбей жатат же билгиси келбейт. Бийликтин партиясынан башка бирөөсү дагы айткан убадасын аткара албайт. Аткарам деген учурда да толук жыйынтык болбойт. Анын бир себеби бар, “Бир Бол” партиясы 61 мандат алган жок. Ошон үчүн убада берер алдында мен “Эгерде 61 мандат менен келе турган болсок, өкмөттү 100 пайыз өзүбүз түптөсөк, өкмөт башчыдан баштап, агенттикке чейин өзүбүз курасак, ошондо биз айткан убадалар аткарылат”,-деп айткам.

«Бул эптеп парламентке өтүү аракети болгон»

Саясат талдоочу Табылды Акеровдун айтымында, 2015-жылы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин айтуусу менен түзүлгөн партиялар парламентке келүү үчүн популисттик убадаларды көп берген. Анын билдиришинче аталган партиялардын катарында “Бир Бол” да бар.

-2015-жылы “Бир Бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” жана башка партияларды Атамбаев өзү эле түзүп салган. Булардын партиялары парламенттик шайлоого 6 ай калганда катталышкан. Ошондуктан “өлкөнү эң алдыңкы мамлекеттердин катарына кошобуз, пенсияны, маянаны чоң өлчөмдө көбөйтүп, Казакстан менен теңейбиз”-деген сыяктуу катуу убадаларды айтышкан. Бул эптеп парламентке өтүү аракети болгон.

Белгилей кетсек, “Бир бол” партиясы 134 миң 909 жаран, же шайлоочулардын 8,59% добушу менен парламентке 12 мандат алган. Алардын “илбирстин секириги” программасында, партиянын негизги принциптеринин бири – “Кыргызстандын элдеринин биримдигин чыңдоо”, экени айтылат.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    23.10.2019 20:27

    Лапшогондор, партиянын колунан эч нерсе келбеген коз карама, эл кордуго трибунада суйлогон сойкулар, элди алдаган акмактар. Тез арада шайлоо кодексине озгортуу киргизип, депутаттардын санын кыскартып, сапатын которуу керек. Азыркылар чимкириктер. Атын туура жаза албаган.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM