Биз менен байланышыңыз

Гүлзинат  Суранчиева: “Жетекчи  болгонумда  тааныштардын  мага болгон мамилеси  өзгөрдү”

“Шантелл”тобунун экс-солисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлзинат Суранчиева «Марал» радиосуна маек берип, чыгармачылыгы тууралуу сөз кылды.

— Быйылкы күз эмнеси менен эсиңизде калды?

— “Жаз- жарыш, күз -күрөш”дегендей, бул мезгил мен үчүн абдан жемиштүү болуп атат. Ишенесиздерби,туугандарыма бармак түгүл чалып сүйлөшкөнгө убакыт жок болуп жатат. Анткени, күз мезгили  башталаарда эле чоң-чоң концерттерге балдарыбыз катышып жатышат.  Жакында эле Азербайджан мамлекетинин Баку шаарында өткөн чоң эл аралык  сынакта биздин  мектепте окуган 4-класстын окуучусу 3-орунду ээлеп  келди.

— П.Ф Шубин  атындагы  музыкалык балдар  мектебин жетектегенден кийин элдин же тааныштардын сизге  болгон мамилеси өзгөрдүбү?

— Ооба, сени менен дос болуп жүргөн адамдар, бирге иштегендер мага жетекчи  катары башкача  мамиле  кылып  башташты. Анан  өзүм мурдагыдай  кандай мамиле  кылсам  баарына ошондой бойдон калууга  аракет жасадым.

— Аталган  мектепке  кандай  өзгөртүү киргизе  алдыңыз?

— Мектепте 8 бөлүм бар. Ошонун  ичинен 2 чоң ансамбль  ачтым. Азыркы  учурда жолун таап, популярдуу болушту. Анан, 467 баладан  турган  чоң хор түзулдү. Бул түзүлгөн топ  ШКУда  12 президенттин  алдында ырдашты. Биз үчүн  бул чоң жетишкендик.

— Жетекчи  болуу кандай экен сиз үчүн?

— Абдан кыйын, оор экен. Жетекчи болсоң  башкарып,  буйрук  берип  коюп  отура берет деп  ойлочу экенмин(күлуп) Өзүнүн түгөнбөгөн түйшүгү көп экен.

— Стилиңизди бат –баттан  өзгөртүп турасызбы?

— Ооба, бат-баттан өзгөртуп турбасам,тажап кетем. 10 жылда  бир өзгөргөн же өмүр бою бир калыпта жүргөн  инсандарга  таң калам. Буюрса, жаңы жылда  дагы  сонун стилде  чыгам деп  пландап  турам.

— Жеке жашооңузга баш  багалы. Кичинекей  мамлекетте  эмне жанылык? Жолдошуңуз башка  улуттан  экенин  билебиз. Өкунгөн  учур  болгон эмес беле,  аттиң, кыргыз  жигитин тандасам  болмок  экен деп?

— Жеке  жашоом өз нугунда, шүгүр келтирем. Жолдошум болсо аябай жакшы  жигит.  Талаш- тартыш ар бир  үй-бүлөдө болсо  керек. Кайсыл бир  учурда  түшүнбөстүк болуп,  экөөбүз чагылгандай  чарт- чурт болуп  кетебиз.Бирок,  бат жазылабыз. Бардык жактан  колдоп турат.  Балдарыма  жакшы  ата.

— Өзуңүзгө канча  деген  баа  кое  аласыз? 

4 деген  баа (күлүп). Мен 5 деген  санды  багындырыш  үчүн көп ийгилик жаратышым  керек.

-Рахмат, маегиңизге!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM