“Шантелл”тобунун экс-солисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлзинат Суранчиева «Марал» радиосуна маек берип, чыгармачылыгы тууралуу сөз кылды.
— Быйылкы күз эмнеси менен эсиңизде калды?
— “Жаз- жарыш, күз -күрөш”дегендей, бул мезгил мен үчүн абдан жемиштүү болуп атат. Ишенесиздерби,туугандарыма бармак түгүл чалып сүйлөшкөнгө убакыт жок болуп жатат. Анткени, күз мезгили башталаарда эле чоң-чоң концерттерге балдарыбыз катышып жатышат. Жакында эле Азербайджан мамлекетинин Баку шаарында өткөн чоң эл аралык сынакта биздин мектепте окуган 4-класстын окуучусу 3-орунду ээлеп келди.
— П.Ф Шубин атындагы музыкалык балдар мектебин жетектегенден кийин элдин же тааныштардын сизге болгон мамилеси өзгөрдүбү?
— Ооба, сени менен дос болуп жүргөн адамдар, бирге иштегендер мага жетекчи катары башкача мамиле кылып башташты. Анан өзүм мурдагыдай кандай мамиле кылсам баарына ошондой бойдон калууга аракет жасадым.
— Аталган мектепке кандай өзгөртүү киргизе алдыңыз?
— Мектепте 8 бөлүм бар. Ошонун ичинен 2 чоң ансамбль ачтым. Азыркы учурда жолун таап, популярдуу болушту. Анан, 467 баладан турган чоң хор түзулдү. Бул түзүлгөн топ ШКУда 12 президенттин алдында ырдашты. Биз үчүн бул чоң жетишкендик.
— Жетекчи болуу кандай экен сиз үчүн?
— Абдан кыйын, оор экен. Жетекчи болсоң башкарып, буйрук берип коюп отура берет деп ойлочу экенмин(күлуп) Өзүнүн түгөнбөгөн түйшүгү көп экен.
— Стилиңизди бат –баттан өзгөртүп турасызбы?
— Ооба, бат-баттан өзгөртуп турбасам,тажап кетем. 10 жылда бир өзгөргөн же өмүр бою бир калыпта жүргөн инсандарга таң калам. Буюрса, жаңы жылда дагы сонун стилде чыгам деп пландап турам.
— Жеке жашооңузга баш багалы. Кичинекей мамлекетте эмне жанылык? Жолдошуңуз башка улуттан экенин билебиз. Өкунгөн учур болгон эмес беле, аттиң, кыргыз жигитин тандасам болмок экен деп?
— Жеке жашоом өз нугунда, шүгүр келтирем. Жолдошум болсо аябай жакшы жигит. Талаш- тартыш ар бир үй-бүлөдө болсо керек. Кайсыл бир учурда түшүнбөстүк болуп, экөөбүз чагылгандай чарт- чурт болуп кетебиз.Бирок, бат жазылабыз. Бардык жактан колдоп турат. Балдарыма жакшы ата.
— Өзуңүзгө канча деген баа кое аласыз?
—4 деген баа (күлүп). Мен 5 деген санды багындырыш үчүн көп ийгилик жаратышым керек.
-Рахмат, маегиңизге!