Биз менен байланышыңыз

Статистика: Кыргызстанга жылына канча тонна дары-дармек келет?

Блог | 13 Окт 2019 | 1283 | 0

Эсеп боюнча алып карасак, 2019-жылга чейин чет өлкөдөн келген медициналык каражаттардын көлөмү азайганы менен баасы өскөн. Ал эми быйылкы жылда дары-дармектердин импорту кескин түрдө өскөнүн байкоого болот. Тактап айтканда, 6 ай ичинде былтыркы бир жылда келген каражатардын көлөмүнө жакын дары-дармек чет өлкөдөн алып келинген.

Жылына канча көлөмдөгү дары-дармек алып келинет:

9 миң 425 тонна

 

7 миң 075 тонна

 

5 миң 536 тонна

 

5 миң 130 тонна

 

2016 2017 2018 2019 (6 ай)

Ал эми дары-дармек алынган өлкөлөрдү карасак, Индиядан импорттолгон дарылардын көлөмү өскөн. Мисалы, 2016-жылы 16 миллион долларга жакын суммага медициналык каражаттар алынган болсо, 2018-жылы 18 миллион доллардан ашык суммага алынган. Быйылкы жылдын эсебинен 6 айдын ичинде Индиядан 12 миллион 586 миң 400 долларга дарылар сатып алынган. Эң көп дары-дармек алып келинүүчү башкы 4 өлкөнүн көрсөткүчүн сунуштайбыз.

2016-жылы жалпы 113 млн. 448 миң 900 долларга медициналык каражат алынган.

2017-жылы алып келинген дары-дармектердин суммасы жалпы 149 млн. 406 миң 300 долларды түзгөн.

2018-жылы чет өлкөдөн жалпы 148 млн. 385 миң 100 долларга дарылар алынган

2019-жылы 6 айдын ичинде эле чет өлкөдөн 95 млн. 780 миң 100 долларга дарылар сатып алынган.

Copyright © 2017 Maral FM