Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Өз күчүнө ишенбегендер 9%дык босого баллды көп деп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2019 | 689 | 1

Өз күчүнө ишенбеген адамдар парламенттик шайлоодогу 9% босого баллды көп деп жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда эл өкүлдөрү босого чекти төмөндөтүү тууралуу айтканы менен иш жүзүндө демилге көтөрбөй жатышат.

Төрөбаев босого баллды 5%га түшүрүү боюнча мыйзам долборун жазганын, бирок сунушу колдоо таппаганын эске салды.

«Өнүгүү Прогресс» 9%дык чектен коркпойт. Бирок 14 мандат менен келгибиз келбейт. Мен жаңы жүздөрдү колдоо иретинде 5%дык босого баллды демилегегем. Эгерде өзүмдү ойлосом, үн катпай, 9%дык чекти колдоп отурсам болот. Мен аракет жасадым, бирок парламент өзүнүн чечимин чыгарып койду», — дейт Төрөбаев.

Ал белгилегендей, саясий маданият 5-6 жылда, тагыраагы, депутаттын аң-сезиминде мамлекеттик, программалык кызыкчылыктар жогору турганда калыбына келет. Учурда жеке кызыкчылыктарга басым жасалууда.

Эл өкүлү жаш партияларга биригүү сунушун берди. Партиялар бириксе фракциянын ичинде талаш тартыш болорун эскертти.

«Анткени парламентке келгенде мамлекеттик кызыкчылык төмөн түшүп, жеке кызыкчылык жогору коюлууда. Мамлекетти өзгөртөм дегендер биригиши керек», — дейт депутат.

1 пикир

1 пикир

  1. Жаныбеков

    22.10.2019 16:59

    9 пайыздык чек айрым саясатчылардын бийликке келишине тоскоол болуу эмес. Тескерисинче билимсиз сапатсыз шайланып алып мандаттын күчү менен жыргап жашаган депутаттардын келишине каршы. Кийинки парламенттик шайлоодо чындап эл колдогон электораты көп ишенимдүү гана депуттар келери бышык.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM