Биз менен байланышыңыз

Бөкөшов: Аткезчиликти колдогон бийлик өкүлдөрү бар экенин жөнөкөй адамдар да айтат

Күн чекит | 22 Окт 2019 | 1151 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Аппарат Жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан четтетти. Анткени өкмөт башчы териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүүлөрү керек деп эсептейт.

Ал эми kaktus.media сайты аткезчилик жол менен алынып келген өрдөк этине байланыштуу чырда Бакыт Калмуратов менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын ) төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиевдин аты аталып жатканын жазды. Биз бул теманын тегерегинде «Күн чекит» программасында саясат талдоочу   Жамгырбек Бөкөшов менен маек курдук.

Марал: Коррупцияга каршы күрөшөбүз деп жаткан бийлик- өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары аткезчиликке байланышып жатканы кандай көрүнүш?

-Эгерде чиновниктин, мамлекеттик кызматкердин пара алганы, аткезчилик жолго барганы далилденсе, анда бийликтин бетине көө жабылат. Анткени, мындай кызматтагы адам таза иштеши керек да. Аны менен бирге коррупцияга каршы күрөштүн сап башында булар турушу керек. Бул жерде финансы полициясынын да атка минеринин ысымы айтылып жатпайбы. Бул иште башында турган аткаруу бийлиги, өкмөттүн аппаратында эмгектенген адамдын аты аталып жатканы, «бийлик өз кызматкерлерин калкалайт» деген сөздөргө негиз берип жатат. Албетте, бул иш толук далилдениши керек, сот тарабынан өкүм чыгышы керек. Бирок кандай гана кадамдар ташталбасын, ал тарапка сөздөр эртеби-кечпи элдин эсинде калып айтыла берчү иш болуп калат.

Марал: Коррупцияга каршы күрөштү президент колдоп жатканы менен, жогорку кызматтын өкүлдөрү бул саясатты колдобой жатат дегенге негиз барбы?

-Бул жерде премьер-министр өзүнүн аппаратынан жетекчисинин орун басарын бошотуп жатканы — туура иш. Анткени, ал жакта шектүү, сөзгө калган кызматкер иштебеши керек. Бирок ошол эле маалда мамлекеттик кызматта шектүү катары аттары аталып, бирок далилденбесе деле ал тарапка карата сөздөр айтылып калып жатпайбы. Ошон үчүн алардын ысымдары, далилденбеген иштери да айтылбашы керек. Себеби мамлекеттин алып барып жаткан иштерине карата терс пикирлерди жаратууга жол ачат. Элдин дагы ишеничинен кетип, кадимки көрүнүшкө айланып калат. 

Марал: Бул корүнүштөн өкмөт,бийлик кандай сабак чыгарышы керек?

-Өлкөдөгү эң эле жооптуу кызматтарга кызматкерлерди дайындоо учурунда ал адамдын буга чейинки жасаган иштери, отурган кызматтары созсүз эске аланышы керек. Буга чейинки жумуштан эмне үчүн кеткен? Кандай эмгектерди жасаган? деген суроолор көтөрүлүп, мурдагы басып өткөн жолуна сөзсүз көңүл буруусу керек. Мамлекет үчүн кандай реформа жасаган? Ушул суроолордун негизинде бийлик адамдарын жумушка алса, натыйжа берет деп мен ишенимдүү айта алам. Бирок азыркы учурда мындай кадамдар өтө сейрек кездешип калды. Бүгүн бирөө кызматтан кетсе, эртең башка адам ал орунга даяр. Кээде ал адамды тааныбайсың, кандай эмгектерди жасаганынан такыр маалыматың болбойт.

Марал: Аткезчилик темасына келсек, буга өкмөттүн, жогорку жактагылардын аты аралашып жатса, маселени чечүүкыйын деп айтууга болобу? Деги эле бул көйгөйдү кантип чечүүгө болот?

-Мындай кадамдар биздин экономикага түздөн-түз жаман таасирин берип жатат деп айтсак болот. Аткезчилик менен товар ташууда, жөнөкөй адамдар деле бийликтеги адамдарды коргой турган адамдары бар деп айтат. Анткени чек арадан мыйзамсыз товарды алып өтүү абдан эле кыйын да. Ар бир адамдын колунан келе бербейт. Бийликтин кызматкерлери жең ичинен иш бычып, өзүнүн көмөчүнө чок тартып, аткезчилик кадамга барып жатканы алардын кызмат ордуна, жетекчилигине көө жаап жатат. А мындай кылмыштарды көзөмөлдөгөн органдар ошол эле учурда озүлөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, биринчи орунга коюп кетекендерден улам, коррупцияга барган адамдардын айрымдары гана колго түшүп жатат. Бирок коомчулук буга чейин жана мындан ары деле мамлекеттен таза иштеген адамдарды күтүп келе берет. 

Copyright © 2017 Maral FM